Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. КР чек ара кызматы окуянын чоо-жайын билдирди.

Кечээ, 17-декабрда, чек аранын такталбаган жеринде Баткендин Көк-Таш айылына жакын жерде тажик жарандары кыргызстандык жаранды токмоктоп салышкан. Жабырлануучу Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Бүгүн, 18-декабрда, кыргыз жана тажик жарандары айтыша кетип, чыр чыкты. Кыргыз тараптан 80 дей, тажиктерден жүздөй жаран чыгып, таш ыргытыша баштаган.

КР Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдыкарим Алимбаев менен Тажикстан чек ара аскерлеринин башчысынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков телефон аркылуу сүйлөшту. Абдыкарим Алимбаев окуя болгон жерге жөнөп кетти.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Анда кыргызстандык чек ара жоокери каза таап, бир канча ондогон киши жаракат алган. Тажик тараптан да каза болгондор жана жарадарлар бар экени тууралуу маалыматтар жарыя болууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты