​Мадумаров Президенттин «факты бергиле» дегенин сындады

  • 4 года мурун

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына болгон соттук доолорго байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип, ушул маселеде президент Сооронбай Жээнбековдун «фактыны көрсөткүлө» деген сөзүн сындады.

— Ар бир сөздү сүйлөгөндө «мага факт керек» деп отура берсе, анда акимдердин эмне кереги бар? Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар? Министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Ар бир киши ар бир нерсени өзү далилдеши керек экен да, — деди саясатчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова аттуу айым «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген. Мамлекет башчынын ага «факт алып келип көрсөт» деген өңүттөгү жообу социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Анын алдында бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» жемкорлуктун бетин ачкан журналисттик иликтөө «кадыр-баркыбызга шек келтирди» деп «Азаттык» радиосун, «Kloop», «24.kg» сайттарын, журналист Али Токтакуновду сотко берип, 60 миллион сомдук доо койгон.

Фото: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты