Райымбек Матраимовдун жубайынын «майда-чүйдө» чыгымдары

Бул макаланын түп нускасы Factcheck.kg сайтында жарык көрдү. Factcheck.kg басылмасы Bellingcat иликтөө борбору менен биргеликте журналисттик иликтөө даярдаган..

Райымбек Матраимов бажы кызматында 1997-жылдан тарта 2017-жылдары ар кандай кызматтарда иштеп келген. Расмий маалыматка ылайык, анын кошумча киреше булагы болгон эмес. Буга карабай, Матраимовдун чыгымдары таң каларлык. Маселен, экс-бажы кызматкеринин жубайынын атына жалпы жонунан 12,5 млн сомду түзгөн кыймылсыз мүлк Дубайда катталганын буга чейин ЖМКлар кабарлаган.

Ал эми экс-чиновниктин «майда-чүйдө» чыгымын Factcheck.kg иликтеп көрдү. Ал үчүн Матраимовдун жубайынын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө көз чаптырдык.

Алгач расмий маалыматка кайрылсак: Райымбек Матраимов мамлекеттик кызматкер катары эки ирет, 2015 жана 2016-жылдары декларация тапшырган.

Сүрөт: Райымбек Матраимовдун 2015-жылга карата тапшырган декларациясы.

2015-жылкы тапшырган декларациясында 56,7 чарчы метрлик батир көрсөтүлүп, жылдык киреше 587,4 миң сомду же айына орто эсеп менен 49 миң сомду түзгөн.

Ал эми Матраимовдун жакын туугандары ал жылы киреше тапкан эмес.

Сүрөттө: Райымбек Матраимовдун 2016-жылга карата тапшырган декларациясы.

2016-жылы аткаминердин эмгек акысы кыйла көтөрүлүп, айына 71 миң сомду түзөт, ал эми кыймылсыз мүлктүн катарын жаңы коттедж толуктайт. Мындан тышкары, Матраимовдун жакын туугандары жыл ичинде 12,6 млн сом киреше табат.

Жалпысынан, Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү эки жыл ичинде 15,6 млн сом киреше табат.

Чыгымдар

Декларацияда 7 млн сомдук чыгым көрсөтүлүп, аянты 190 чарчы метрди түзгөн жаңы коттедж пайда болгону тууралуу маалымат бар.

Дал ушул жылдары Матраимовдун жубайынын бакубат жашоосун социалдык тармактардагы сүрөттөр тастыктайт.

Матраимовдун жубайынынын сүрөттөрүндөгү кийим-кече жана аксессуарлар «люкс» классындагы дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош.

Өзүн Аманда деп атаган Уулкан Тургунова гүлдесте менен колунун сүрөтүн соцтармактарга 2015-жылдын октябрь айында жүктөгөн. Бир гана сүрөттөгү аксессуарлардын баасы млн сомдон ашкан. Cartier браслеттери кадимки жана ак алтындан бриллиант кошулуп жасалган. Алардын баасын бириктиргенде Райымбек Матраимовдун жылдык (2015-жылга карата) кирешесинен дээрлик эки эсе жогору.

2015-жылдын 15-апрелинде Аманда Тургунова белекке алган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн жарыялап «подарок от … (үч жүрөкчө)» деп жазган. Темир тулпар Матраимовдун декларациясында көрсөтүлгөндүктөн, ал 2014-жылга таандык экенин аныктайбыз. Ачык булактардан унаанын орточо баасы 4,5 млн сомдон жогорку экенине ынанабыз.

Алтын сааттар

Соцтармактардагы сүрөттөрдөн улам Матаримовдун жубайы түрдүү кол сааттарга жакын экенин билсе болот. Алардын арасынан «люкс» классындагы Hublot аттуу швейцар сааты көп кездешет.

Швейцариянын «люкс» классындагы Hublot деп идентификацияланган сааттар көп кездешет.


Ал эми италиялык Bulgari компаниясына таандык жылан сымал сааттын баасы 978 642 сом турат. Сүрөттө Уулканда ушундай саат


Cartier саатын 1 376 045 сомго сатып алса болот.

2016 жана 2017-жылдары жүктөлгөн сүрөттөрдөгү сааттардын баасы Райымбек Матраимовдун 2016-жылкы декларациясы менен салыштырылган.

Chanel сааты 1 396 964 сом турат.


Бул сүрөттө Chopard деп аныкталган саат. Анын баасы 1 236 313 сомго барат.


Chopard саатын 1 299 210 сомго алса болот.

Ал эми Райымбек Матраимовдун уулу тагынган саатка куюп койгондой окшош кол сааттар 14 800 евро турат.

Ачык булактардан алынган сүрөттөрдөгү гана сааттарга окшош болгон кол сааттардын баасы жалпы жонунан 12,4 млн сомду түзөт. Эң кызыгы, Райымбек Матраимов 3 ЖМКны сотко берген учурда кадыр-баркына шек келтирген үчүн Kloop.kg редакциясына 12,5 млн сомдук доо койгон. Бул акча каражат Матраимовдун бажы кызматында алган расмий 14 айлык акысына барабар.

Кийим-кече
Тургунова Dolce&Gabbana брендине таандык делген кийим-кечени жактырат. Анын сүрөттөрүнүн арасынан атактуу дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош болгон 30 дан ашуун кийим-кече, сумка, бут кийим жана аксессуарлар табылган.


Маселен, Dolce&Gabbana брендине таандык делген жашыл түстөгү көйнөктүн баасы 199,1 миң сом.

Ал эми Dolce&Gabbana сумкасы (сүрөттө куюп койгондой окшош, эки жыл мурун жүктөлгөн) кеминде 513,3 миң сомду түзөт.

Соңунда
Биз сүрөт аркылуу аныктоого мүмкүн болгон гана буюмдардын баасын эсептедик. Мындан тышкары, соцтармактарга эс алуу учурундагы көптөгөн сүрөттөр жүктөлгөн. Анын ичинде Дубайдагы беш жылдыздуу мейманканада эс алуу, Германиядагы сейилдөө, ресторандардагы, яхтадагы эс алуу учурунда чыккан жана башка сүрөттөр бар.
Төмөндөгү тасмада Райымбек Матраимовдун уулу Челси-Манчестер Юнайтед футбол матчын Англиядагы VIP орундукта көрүүдө.

Бул жердеги бир орундуктун баасы 1800 фунт стерлинг же 167 миң сомду чапчыйт.

Аманда Тургунова Бириккен Араб Эмираттарына көп каттайт. Сүрөттө ал Перс булуңунун яхта менен кыдырууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты