Өзбекстандагы мектептерге «Тарбия» сабагы киргизилет

  • 4 года мурун

Өзбекстандагы мектептердин окуу программасына «Тарбия» деген жаңы сабак киргизилет. Өкмөт тарабынан даярдалган тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, сабак 1-9-класстарга 2020-2021-окуу жылы, 10-11-класстарга 2021-2022-окуу жылы киргизилет.

Кийинки жылы апрель-май айларында өлкөнүн элдик билим берүү министрлиги Ташкент шаары менен Ташкент облусундагы орто билим берүү мекемелеринде жаңы сабак боюнча китептерди жана окуу-методикалык комплекстерин пилоттук тесттен өткөрөт.

Мындан тышкары «Тарбия» сабагына «Баштапкы билим берүү», «Тарых», «Улуттук идея жана укук» адистиктерине ээ мугалимдер тартылып, квалификацияны жогорулатуу борборлорунда окушат.

«Тарбия» сабагы «Адеп эрежелери», «Мекенди сүйүү», «Улуттук идеялар менен руханият негиздери» жана «Дүйнө диндеринин тарыхы» деген төрт бөлүктөн турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты