Сооронкулова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия корутундусу өзгөртүлгөнүн билдирди

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия мүчөсү Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусунун айрым жерлери өзгөртүлүп калганын билдирди.

Айрым нерселерди кошуп, бир топ жерин өзгөртүп жиберишкен. Бирок мен аны далилдей албайм. Анткени корутундунун кол койгон бир вариантын бизге берген эмес, көчүрмөсүн да чыгартпай койгон. Алар «корутунду менен таанышкыңар келсе, өкмөткө келгиле» деп айтышкан» деди Сооронкулова.

Корутундуда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен мурдагы депутат Равшан Жээнбеков тууралуу сөз болгон эмес. Дагы бир топ жерлери бар экенин жана андай корутундуга эзели кол коймок эместигин билдирди.

12-декабрда парламент Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүн карап жатканда Момбеков бүтүмгө анын да аты кошулуп калганын айтып, комиссиянын ишин сынга алган жана «убагы келгенде бул комиссиянын ишин иликтей турчу комиссия түзүлөт» деп айткан.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты