​#РЕакция митинги эртең болот

  • 4 года мурун

Шаршемби күнү, 18-декабрда, Бишкекте Ала-Тоо аянтында сөз эркиндигин коргоо боюнча #РЕакция митинги болот .

12-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.

13-декабрда Свердлов райондук сот «Азаттык», «Клооп» жана 24 kg медиаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебине салынган камакты алып салуу боюнча токтом чыгарды.

Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыздын суммасы төмөнкүдөй: “Азаттык” — 22 миллион сом, “Kloop” — 12,5 миллион сом, 24.kg — 15 миллион сом.

24.kg сайты “Азаттык” менен “Kloop” даярдаган контрабанданын схемалары жана өлкөнүн чегинен сыртка алып чыгарылып кеткен $700 миллион тууралуу материалын көчүрүп басып чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты