Малайзия элчилигине Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралат

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде эртең, 17-декабрда, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги каралат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин 7-октябрда басма сөз жыйынында Бекназаров президент ага ар кандай кызмат сунуштап жатканын, анын ичинде Малайзиядагы элчиликти сунуштаганын билдирген.

Азимбек Бекназаровдун кесиби юрист, 2005-жылы баш прокурор болуп иштеген. Мурда элчилик кызматта иштеген эмес.

2002-жылы Кытай менен чек араны демаркациялоо маселесинде бийликке каршы чыгып камалган, андан кийин Аксы окуясы чыгып, бийлик демонстранттарды кууп тараткан. 6 киши каза таап, бир канча ондогон киши жаракат алган.

2005-жылы март революциясынын, 2010-жылы апрель революциясынын уюштуруучуларынын бири. Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты