​Болот Шамшиевдин абалы оор болууда

  • 4 года мурун

Айтылуу кинорежиссер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Болот Шамшиев үч жума мурун ооруканага түшүп, кийинки күндөрү абалы оор болуп, реанимацияга алынды.

Бул тууралуу Болот Шамшиевдин балдары ЖМКга билдирди. Депутат Аида Касымалиева «фейсбук» баракчасына жазды

Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз буга чейин дарыгерлердин консилиуму өткөнүн, ушул бейшемби күнү да дарыгерлердин консилиуму болорун, айыгып кетээринен үмут кылып жатышканын ЖМКга билдирди.

Ага кандай диагноз коюлганы тууралуу айтыла элек.

Болот Шамшиев «Манасчы», «Караш-Караш окуясы», «Ак кеме», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Эрте жаздагы турналар» ж.б. кыргыз киносунун кереметин жараткан залкар режиссер.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты, залкар режиссер Болот Шамшиевдин сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт!

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты