​Мигранттын укугу: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушка орношуп жана жашай алышат

Акыркы маалыматтар боюнча чет өлкөгө жумуш издеп чыккандардын көбү Россияга барышат. Расмий маалыматтарга ылайык, 600 миңден ашык жаран Россияда жүргөнү айтылса, расмий эмес маалыматтарга ылайык мигранттардын саны 1,5 млнго жеткен. Россияга чыккан жарандар канчалык деңгээлде корголгон? Алар кандай укуктарга ээ? Бул суроолорго Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев жооп берди.

Россияда мыйзамдуу иштөө процедуралары

— Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргендиктен, анын нормаларына ылайык иш алып баруу керек.Ал нормага ылайык, биздин жарандар аталган биримдикке кирген өлкөлөргө барып, тоскоолдуксуз жумушка орношуп, жашай алышат. Өзүнүн адистиги менен дагы жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Алмаз Алыбаев кээ бир кесиптер үчүн чектөө бар экендигин айтты:

“Юриспруденция, педагогика жана медицина тармагындагылар үчүн чектөөлөр бар. Атайын шарттарга ылайык өзүнүн билимин тастыкташы керек болот. Ал эми калган кесипке ээ болгон жарандар, эч тоскоолдуксуз жумушка орношо алышат”дейт Алыбаев.

Катталуудан өтүү керек

Россия Федерациясына баргандан кийин жарандар 30 күндүн ичинде каттоодон өтүүсү керек. Алыбаевдин айтымында, жумуш үчүн келгендер миграциялык картада максатын туура көрсөтүүсү керек:

“Россиянын аймагына жумуш максатында барып жаткандар, миграциялык картасында максатын- “жумушка орношуу” деп көрсөтүүсү керек. Мигрант эмгек келишимин түзгөндөн кийин 30 күндүн ичинде каттоодон өтүүсү зарыл. Ал эми жумуш берүүчү эмгек келишимин түзгөндөн кийин, миграция кызматына барып, (азыр полиция болуп калган), ошол жерде келишимди катташы керек” дейт Алмаз Алыбаев.

Жыл сайын 400гө жакын “Груз-200” келет

Миграция кызматы берген расмий маалыматтарга ылайык, учурда Россиянын аймагында ар түрдүү себептер менен 600 миңден ашык кыргызстандык жүрөт. Ал эми расмий эмес маалыматтарга ылайык Россиядагы мигранттарлын саны 1,5 млнго жеткен. Буга чейин Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотовдун берген маалыматына ылайык, Россиядан Кыргызстанга жыл сайын 400гө жакын “Груз-200” келген. 2019-жылдын башынан бери 293 кайрылуу болгон.

8-декабрь күнү Казань- Оренбург- Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн “Mercedes” менен “Ford Transit” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

“Груз-200” компенсациясын алуунун шарттары төмөндөгүдөй:

Алмаз Алыбаевдин айтымында:

“Груз-200дү алып келүү жана маркумдун сөөгүн жерге берүү үчүн транспорттук чыгымдарды компенсациялоо боюнча өкмөттүн №175 токтому былтыркы жылы май айында кабыл алынган. Ага ылайык биздин маалыматтык-консультативдик борбор 50 миң сом акча каражатын төлөп берет”.

Компенсация алуунун шарттары:

-Маркумдун тууганы алып жатса, алуучу кишинин паспортунун көчүрмөсүн Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборго алып келүү керек;

-Маркум менен туугандыгын тастыктаган документ керектелет. Мисалы, нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү ж.б;

-Нотариалдык жактан тастыкталган, маркумдун каза болгондугу тууралуу күбөлүк керек.

Ушул үч документти алып келгенден кийин, борбордун адистери документтерди карап, үч күндүн ичинде банктык эсебине акчаны которуп беришет.

Мигранттар үчүн тиркеме

“Мигранттардын маалымдамасы” деген мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Аны ар бир жаран бекер орното алат. Бул тиркемеде мигранттар үчүн баардык маалыматтар бар. Мисалы, Россияга чыгып жатып, тиркемеден өлкөнүн негизги мыйцзамдары, нормалары менен тааныша алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты