​3 млн сом пара опузалаган сот департаментинин башкарма башчысы эки айга камалды

  • 4 года мурун

3 млн. сом пара опузалаган деген шек менен жогорку соттун сот департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы (А.А.) улуттук коопсуздук комитетинин убакытлуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу адвокат Алия Турумбекова «Азаттыкка» билдирди.

УКМК баса сөз кызматы 15-октябрда баш прокуратурага түшкөн материалдардын негизинде, УКМК коррупцияга каршы кызматы тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сот департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы А.А. тарабынан ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталганын кабарлаган

А.А. сот департаментинин кызматкерлери менен алдын — ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси С.Г. райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара опузалаган.

А.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты