«Азаттык» УКМКга иликтөөдөгү документтерди өткөрүп берди

  • 4 года мурун

«Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

Бул тууралуу “Азаттык” сайтында билдирди.

Медиа мекеме ошондой эле улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине расмий кат тапшырганын да кошумчалады.

Катта “Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун, кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз» деп айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Азаттык» медиа мекемесинен иликтөодөгу материалдардын көчүрмөсү алынып, сотко чейинки ишке тиркелгенин билдирди.

УКМК журналисттик иликтөогө катышкан журналисттердин жана үй-булөсүнүн коопсуздугуна кепилдик берээрин билдирди. Ага чейин Президнт иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берээри тууралуу айткан.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо келтирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты