​Депутат Бекешев: Кичи бизнеске олуттуу сокку урулганы турат

  • 4 года мурун

Милдеттүү түрдөгү патент, налог контракты жана ыктыярдуу патент менен иштегендер үчүн салык төлөо боюнча өзгөрүү киргизилгени жатат.

Бул тууралуу депутат Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев “фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтымында, 10-декабрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде талкуусуз эле мыйзам долбоору (Салык кодексине 43 өзгөртүү) өттү.

— Ал мыйзам долбоорун арыдан-бери кабыл алып салышты, аны окуп чыгууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Менин кесиптештерим “макул” дешти, бирок мен “каршы” болдум, себеби мыйзам долбоорун окуган эмесмин. Аны окуп чыккандар аз.

Эмне сунушталууда?

-милдеттүү түрдөгу патент менен иштеген ишкерлердин санын кескин азайтуу;

-коомдук тамактануу жайларынын бардык пункттарын салык контрактынан чийип салып жатышат;

-ыктыярдуу патент менен кирешеси 1 млн сомдон ашпагандар гана иштейт, б.а. 7 млн сомго кыскартып жатышат.

-ишкерликтин көптөгөн субъекттерин, базарда, дүкөндө иштегендерди жаңы салык режимине алып келип жатышат, бул силерге сөзсүз жакпайт;

-кошумча нарк салыгын эсептөө механизми өзгөрөт;

Кичи бизнеске олуттуу сокку урулат. Бекем болгула! — деди депутат Бекешев

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты