​ИИМ: Оператор видеокамерадагы жеке маалыматты “WhatsApp” тиркемеси аркылуу таркаткан

  • 4 года мурун

ИИМдин жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгынын кызматкерлери А.А. жана К.К мониторинг борборундагы жеке маалыматтарды “WhatsApp” мобилдик тиркемеси аркылуу таркаткан.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин ички иликтөө кызматы мамлекеттик номуру 01 kg 578 ACD “Мерседес-Бенц” маркасындагы унаанын сүрөттөрүнүн социалдык түйүндөргө жарыяланып кетишин иликтеп чыкты. Кызмат абалынан пайдаланып, кызматкерлер А.А. жана К.К. видео камерадагы жеке маалыматтарды башкаларга жөнөткөндүгү аныкталган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мониторинг борборунун оператору А. А. сырткы жана ички видеокамерадагы кызматтык маалыматтарды кызматтык компьютерине жүктөп алып, башкаларга “WhatsApp” мобилдик тиркемеси аркылуу таркаткандыгы аныкталган

Кечээ, 13-декабрд,а оператор А. А. кармалып, 304-берене, кызматтык компьютердик маалыматты өз кызыкчылыгына пайдалануу жана 320- берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмышка шектүү деп табылды.

Айта кетсек, коомчулукка жолдогу видеокамерада жүруш-турушту жаман жагынан көрсөткөн жеке маалыматтар чыгып кеткен. Андагы сүрөттөгү киши каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшоштурулган.

Мамбетов кадыр-баркына, жүрүш-турушуна шек келтиргендерди сотко берээрин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты