​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

“Ташкенттеги жолугушуу позитивдүү риторикага карабай, былтыркы Казакстандагы жолугушуудан кийин пайда болгон маселелерге жаңы суроолорду кошту. Аймактын өлкөлөрү бири-бирине кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошорун айтканы менен, бул форматтын келечегин кандай көрүп жатканы тууралуу так элестетүүлөрү жок сыяктуу”, — деп белгилейт эл аралык мамилелер боюнча адис, Cabar.asia аналитика мектебинин Ташкенттеги катышуучусу Юрий Саруханян.

Бул макаланын түп нускасыCabar.asia маалымат-аналитикалык порталында жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгүн карап жатып Европалык Кеңештин өлкө башчыларынын саммити белгисиз мөөнөткө калтырылды деген кабарды окуп калганыңызды элестетип көрүңүз. Буга себеп катары Макрондун күн тартибинде бош убакыт такыр болбой жатканы, Меркель парламенттик шайлоо өткөрүп жатканы, Улуу Британия Брекзиттин көйгөйлөрү менен алектенип жатканы, Польшада иш таштоо жана башкалар аталсын. Мындай нерсени гипотетикалык жактан дагы элестетүү мүмкүн эмес да туурабы?

Бирок март айында өткөрүлө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кеңешме жыйыны башка убакытка жылдырылганы тууралуу жаңылык кимдир бирөөнү шок кылганы боюнча шегим бар. Албетте, Европалык Кеңеш менен салыштыруу карикатуралык салыштыруу, туура эмес дагы. Бирок бул Европа аймагындагы кызматташтык маданияты Борбордук Азия аймагындагы кызматташтыктан канчалык алдыга озуп кеткенин түшүнүү үчүн атайын салыштырылып жатат. Борбордук Азиядагы аймакташуу азырынча саясий элиталардын аң сезимине өтө маанилүү маселе катары али кире элек. Ошондуктан, аймактык кызматташуу экинчи планга жылдырылып келет, кандайдыр бир кызматташуу болсо дагы бул нерсе ички саясий аренада же эки өлкөнүн ортосунда эле жүрүп жатат.

Ошентсе дагы 29-ноябрда Ташкент аймакташууну кайрадан жандантуу доорунда биринчи жолу Борбордук Азия лидерлерин кабыл алды.

Аймакташууну кайрадан жандантуу эмнеге кечеңдеп жатат?

2018-жылы өткөн Казакстандагы жолугушуудан кийин айрым факторлор саясий элиталардын ортосунда да, ММКларда дагы өкүм сүргөн эйфориядан этияттыкты пайда кылды. Баарынан мурда бул жолугушуу учурунда айтылган риторикага тиешелүү болчу. Аймактагы кызматташууда мамлекеттердин жетекчилеринин ролунун талкууланышына басым жасалганы байкалды. Мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жакшыртуу боюнча демилге мамлекет башчылардан чыгып жатканы бул аймактагы мамлекеттик башкаруу системасы менен тааныш адамдарда көп деле таң калууну жаратпайт. Бирок, аймактык диалогду ишке киргизүүдө президенттик центризмдин болушу процесстин жүрүшүнө дайыма терс таасирин тийгизип келген. Мындай капкан аймакты буга чейин басып өткөн 1990-жылкы сценарийге алып келүү тобокелдигин пайда кылат.Буга байланыштуу узак убакыттан бери казактар жана тажиктер менен талашып келе жаткан Түркменстандын президентинин жыйынга келбегени коңгуроо болгон.

prezıdent.kz

Аймактагы диалог араң жан экенин экинчи жолугушуу жылдырылганда так түшүндүк десек болот. Бул арада кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу кырдаал курчуду, Түркменистан менен Тажикстандын ортосундагы транзиттик шантаж уланды, аны менен катар Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Президенти болуп дайындалды.

Ушул сыяктуу жагдайлар жолугушуу ноябрда өткөнүнө себеп болгонун баамдоого болот. Бешилтиктин ичинен кимдир бирөөнүн жок болуп калышын Ташкент жактырбай, ошондуктан саясий элита мамлекет башчылардын бардыгы келерине кепилдик алуу үчүн катуу иштеди. Бул нерсе аймактагы кызматташтык баары бир эки өлкөнүн ортосундагы мамиледен көз каранды экенин айгинелеп турат. Мындан улам Борбордук Азияда аймактык ой жүгүртүү калыптана элек деген тезиске келсек болот.

Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү ыктымалдуулугу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн активдеше баштаганы дагы кошумча белгисиздикке алып келүүдө. Албетте, Ташкенттин ЕАЭБге мүчө болуусу аймактык диалогду түзүүгө түздөн түз таасирин тийгизбейт.Анын үстүнө мурдагы жылы борбордук азиялык республикалар алардын диалогдорунун форматында эч кандай саясий боек жок экенин, алар жөн гана жалпы көйгөйлөрдү чогуу чечүү жолдорун издешерин айтышкан эле. Бирок, борбордук азиялык аймакташууга Москва көп кызыкдар эмес экенин унутпашыбыз керек.

Кремль аймактык күн тартибин евразиялык күн тартибине алмаштыруу боюнча аракеттерди көрүп жатканы таң калычтуу эмес. Мына ошон үчүн 2000-жылдардын ортосунан, Ташкент Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭБдин башында турган уюм) киргенден тартып ошол учурда иштеп турган аймактык, интеграциялык түзүлүштөрдүн иштешине чекит койгон. Азыркы учурда аймактагы диалогдук формат кала берсе кандай формада экени деле белгисиз. Аймактык диалогду ишке киргизүүдө өлкөлөр кандай көйгөйлөргө туш болгонун эске алсак, эгерде Өзбекстандын ЕАЭБге кирсе аймак макроаймактык процесске тартылып, борбордук азиялык мамилелер экинчи планга жылып калышы ыктымал.

Борбордук азиялык кызматташтыктын декларативдик синдромунун кайтып келиши

Тилекке каршы, түзүлгөн кырдаалдан улам жолугушуу болгон фактынын өзүн салыштырмалуу ийгилик катары баалаганга туура келет. Бэкграундун эске алганда, жолугушуунун жыйынтыгында олуттуу чечимдердин кабыл алынуусун күтүүнүн өзү туура эмес болмок.

Мамлекет башчылар күтүлгөн эле маселелерден сөз кылып, аймактык өнөктөштүккө кызыкдар экендигин, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, чек араларды демаркациялоо, Афганистан, Арал кризиси, гуманитардык кызматташтык жана башка дежур темаларды айтышты.

Эң эле көзгө көрүнөрлүк окуя Касым-Жомарт Токаевдин бул жолугушууга катышпаганы болду. Анын ордуна Нурсултан Назарбаев келди. Ал Казакстандын саясий элитасынын иерархиясында дагы деле чечүүчү фигура эмеспи. Бирок, Казакстандын Президентинин бул жолугушууга катышпаганы жок эле дегенде 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган жолугушууга чейин бешилтиктин толук кандуу жолугушуусуна болгон үмүттү жокко чыгарат.

Назарбаевге ардактуу төрага статусунун ыйгарылышы аны борбордук азиялык сыйлуу конокко айландырып, бул форматтын координаттарын чаташтырып салды. Казакстандык жетекчилердин мындай орун алмашуулары алдыда боло турган сүйлөшүүлөргө Токаев катышабы, катышса кандай статуста катышат деген сыяктуу суроолорду жаратпай койбойт.

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

​Жолугуша алышты: Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алабы?

Фото: president.uz

Жолугушуунун риторикасына кайтып келсек, катышуучулар учурдагы эң актуалдуу көйгөйлөргө токтолушканына көңүл буруу керек. Айта кетсек, Мирзиеев кожоюндун укугун пайдаланып аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттердин глобалдык программасын презентациялады. Рахмон менен Жээнбеков чек араларды демаркациялоо жана суу ресурстарын пайдалануу көйгөйлөрүнө токтолушту.

Жаңы форматта биринчи жолу катышып жаткан Бердымухамедов Афганистан көйгөйлөрү жана сырткы оюнчулар менен кызматташуунун стратегиясы тууралуу сөз сүйлөдү. Ал эми Назарбаев болсо 90-жылдардагы символизмдерди эстеп, тоскоолдугу жок Борбордук Азия (товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин жүгүртүлүүсү), Түркестан жана Борбордук Азиянын тереңи тууралуу айтты.

Аны менен катар эле тараптар өз сөздөрүндө кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү, адекваттуу демилгелерди айтып жатышты. Айта турган болсок, Иштиктүү кеңеш, Борбордук Азиянын инвестициялык фондун, Транспорттук коммуникациялар боюнча кеңеш, Парламенттер аралык достук тобун түзүү, Эл аралык туристтик конференция өткөрүү, аймактык спорттук таймаштарды уюштуруу жана илим, маданият жана искусство тармактарында борбордук азиялык сыйлык уюштуруу боюнча сунуштар айтылды.

Бир жагынан алганда, саясий элиталардан ушундай идеялардын айтылып жатканы кубандырат. Бирок, экинчи жагынан караганда, айтылган бир дагы идея дагы деле декларативдүү гана мүнөзгө ээ болгон жыйынтыктоочу билдирүүдө камтылган жок. Андан сырткары, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча аракеттердин планы жок, аймактын мамлекеттери кайсы иш-чараларды өткөрөрү белгисиз. Эгерде бул демилгелер дагы деле кагаз жүзүндө калып, же аткарылса дагы эсебине эле жасалма мүнөздө аткарылып кала берсе, аймакташуу процесси бара-бара туңгуюкка такалуу тобокелчилигин жаратат.

Мындан ары эмне болот?

Ташкенттеги жолугушуу позитивдүү риторикага карабай, былтыр Казакстанда өткөн жолугушуудан кийин пайда болгон маселелерге жаңы суроолорду кошту. Аймактын өлкөлөрү бири-бирине кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошорун айтканы менен, бул форматтын келечегин кандай көрүп жатканы тууралуу так элестетүүлөрү жок сыяктуу. Борбордук Азияда ишке киргизүүгө аракет кылып жатышкан аймакташуу процесси бир катар факторлордон көз каранды болот.

Биринчи. Бул процесстин эффективдүүлүгүнө саясий элиталар өздөрүнүн аң-сезимине борбордук-азиялык деңгээлди сиңире алышар-алышпасы чоң таасирин тийгизет. Аймактагы мамлекеттер өлкө башчылардын жыл сайын өтүүчү саммитинин так датасын белгилеп алып, ага толук курамда катышууга милдет алып жана саммитти башка датага жылдырууну мындан ары кайталабоо тууралуу сүйлөшүп алуулары зарыл. Муну менен катар, бешилтиктин жолугушуусуна эки өлкөнүн ортодогу мамилелериндеги көйгөлөр, ички саясий процесстер, тышкы факторлор таасирин тийгизбеши керек. Бул формат саясий элтиалардын аң сезимине өзгөчө окуя, күн тартибиндеги милдеттүү пункт катары кириши шарт.

Ал эми жолугушуунун датасы тууралуу айта турган болсок, менин оюмча, алгач айтылган Нооруз майрамын утурлап жолугушуу идеясы бул диалогго өзгөчө өңүт бермек, анткени, бул майрам аймактагы бардык өлкөлөрдү бириктирип турат.

Экинчи.Аймактын мамлекеттери мурдагыдай эле алар даяр эмес болгон улуттук институттардын үстүнөн караган институттарды түзүү, интеграциялык механизмдерди түзүүнү тездетүү сыяктуу азгырыктарга алдырбашы керек. Борбордук Азия жакынкы келечекте аймактык диалогго муктаж, аны бюрократташтыруунун зарылчылыгы жок. Кандайдыр бир интеграциялык моделге жулунуу аймакты кайрадан эле жөн гана максаттар тууралуу декларацияларды кабыл алуу менен чектелген платоникалык интеграция дооруна алып келип коет. Мунун ордуна, мамлекеттер сырткы оюнчулардын мамилелерине карата өз позицияларын бириктирип, алардын макроаймактык капкандарына түшпөөнүн аракеттерин көрүүлөрү зарыл. Бул евразиялаштыруу же дагы айрым саясий жана эксперттик чөйрөлөрдө популярдуу болгон “чоң Борбордук Азия” идеяларына дагы тиешелүү.

Үчүнчү. Аймактын мамлекет башчыларынын жолугушуусунан сырткары, мамлекеттер секторлук диалог платформаларын түзүүнү ойлонгону туура, айрыкча, транспорттук, энергетикалык секторлордо жана табигый ресурстарды пайдалануу чөйрөлөрүндө. Жогоруда айтылгандай, мындай идеялар Ташкенттеги жолугушууда айтылган. Бирок, азырынча бул демилгелер кагаз жүзүндө эле калып, риторика менен реалдуу аракеттердин ортосундагы ажырымды кеңейтип жатат. Ошентсе дагы кызматташуунун мындай форматы аймактык диалогдун сапатын жана мазмунун жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт. Мындай платформалар улуттук институттардын үстүнөн карабай, жумушчу топтордун режиминде, мамлекеттер ортосунда пайда болгон көйгөйлөрдү оперативдүү чечип, жогоруда аталган чөйрөлөрдө аймактык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштеп кетсе болот.

B2B түз бизнес мамилелерин (англ. «Business to business» — кырг. «бизнес бизнес үчүн» — ред.) түзүү логикага ылайык болуп турат. Бирок, бул нерсе алар жалаң гана экономикалык негизде болушу, кооз жаңылыктардын темалары үчүн пайдасы жок долбоорлорду жасалма ишке ашырып саясатташуудан арылышы керек.

Төртүнчү. Мурдагыдай эле чек аралар аралык кызматташууну киргизүү актуалдуу болуп турат, айрыкча, чек аралык талаштарды жөнгө салууда, коопсуздукту камсыз кылууда, аны менен катар эле табигый ресурстарды чогуу пайдалануу маселелери үчүн зарыл. Муну менен бири-бирине көз каранды болгон, ортолук чарба жүргүзүү системасына шарт түзө алышмак.

Мындай механизм аймактын кызматташуу демилгесин мамлекеттик аппарат машинасын жергиликтүү коомдорго жеткирип, чек аралаш аймактарда жашаган элдердин ортосундагы мамилени бекемдөөгө, аны менен катар аймакташуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерин децентрализацияламак. Ар бир сектордогу өзүнчө жүргөн чек аралык кызматташуу тажрыйбасы бул кызматташтыкты аймактык деңгээлге чыгарууга жакшы шарт түзмөк.

Бешинчи. Аймактык диалогду өнүктүрүүнүн келечеги гуманитардык кызматташтыкты жөнгө салуудан жана анын механизмдеринин эффективдүүлүгүнөн public diplomacy (ачык дипломатия – ред.). дагы көз каранды болот. Бул кызматташтыктын top–down (демилгени жогорку жактан таңуулаган– ред.) стилинен алыс болууга мүмкүнчүлүк түзүп, анын өзөгүн туруктуу жана саясий элиталардын маанайынан көз карандысыз кыла алат. Бул багыттагы айрым идеялар жолугушуу учурунда айтылды.Муну менен катар элдик дипломатия эртерээк автономдуу болгонго жетишүүсү керек, өкмөттүк токтомдордун негизинде гана иштеп калбай.

Аймактык диалог жана борбордук азиялык бешилтиктин кызматташтыгынын эффективдүү механизмдери аймакты бөлүп жарууну токтотууга чечүүчү негиз болот. Борбордук Азия мамлекеттеринин саясий элиталары бирин-бири көзгө илбей келишинин жыйынтыгы өнүгүүнүн эгоцентристтик моделинин эффективдүү эмес экенин көрсөттү. Өз алдынча стабилдүү өнүгүүнү камсыз кылууга жана азыркы чакырыктарга каршы туруу үчүн бул аймактын Республикалары бири-биринен абдан эле көз каранды. Эгерде саясий элиталар жеке амбицияларын жыйыштырып, аймактын көйгөйлөрүн чогуу чечүүгө аракет кылышса, анда Борбордук Азия мурда жоготуп алган геосаясий өздүктүүлүгүн калыбына келтире алат деген үмүт бар.

Юрий Саруханян

Бул материал IWPRдын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты