​Матраимовдордун адвокаты үч медианын эсебин камакка коюу арызын кайтарып алды

  • 4 года мурун

Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды.

Адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али Nоктакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз бергени тууралуу өздүк булактар билдирди.

Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо келтирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктаган.

Парламенттин айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты