Чолпон Жакупова: «Матраимовдордун арызы боюнча сот менен алдын-ала сүйлөшүлгөн»

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бүгүн, 13-декабрда, Матраимовдордун арызы боюнча сот менен алдын-ала сүйлөшүлгөнүн ЖМКга билдирди.

— Матраимовдордун бул доосу бийликтин сот реформасын жүргүзүү максатынын олуттуулугу тууралуу уламышты таратып жиберет. Себеби доо 9-декабрда сотко түшкөн. Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арызын кароодо мыйзамды бузган. Мыйзам боюнча арыз түшкөндөн кийин беш күндүн ичинде автоматтык система аркылуу бөлүштүрүлүп, ишти кайсы судья карай тургандыгы аныкталат.

Бирок судья Жылдыз Ибраимова беш күндүк мөөнөттү күтпөстөн, 9-декабрда түшкөн арызды 10-декабрда караган.

Чолпон Жакупова судья ЖМКларга каршы арызды карап, алардын банктык эсебин камакка коюудан мурун ал канчалык негиздүү экенин баалашы керек болчу деп эсептейт.

— Судья арызды ушунчалык тездик жана кубануу менен караганда юристтер муну ич ара «судья ишти тосуп алды» деп айтып коёбуз. Демек, бул ишти ким карайт жана кандай чечим кабыл алат — алдын-ала эле келишип алышкан. Экинчиден, бул иште жоопкер тарап ушуга чейин соттон доо арыздын көчүрмөсүн ала элек. Банк эсептеринин камакка коюлушу, сот качан болору тууралуу да маалымат бериле элек. Банктагы эсептери камакка коюлганын аларга сот эмес, банк кабарлаган. Ал эми бүгүнкү соттук отурум боюнча кабарды Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматтан көрүштү. Соттук башаламандык болуп жатат.

Чолпон Жакупова үч медиага жана кабарчыга коюлган миллиондогон доону мурдагы президент Алмазбек Атабаевдин бийлигинин акыркы жылдарында ЖМКга салынган айып пулдар коендой окшош экенин билдирди.

— Бул окшош окуя. Шайлоо алдында саясий жана медиа айдыңды тазалоо иши жүрүп жатат. Алмазбек Шаршеновичтин убагында да ушундай болгон. Эсиңерде болсо «Заноза», мага, «Азаттык», 24.kg жана Кабай Карабековго акчалай доо коюлган.

12-декабрда Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты