Татьяна Карыжинская: «Матраимовдордун көз жашын банкага куюп келишим керек беле?»

  • 4 года мурун

Матраимовдордун адвокаты Татьяна Карыжинская маалымат жыйынында Матраимовдордун «Азаттык», «Клооп», «24 kg» медиаларына берген доо арызынын максаты тууралуу билдирди:

Бул окуяны тынч чечүү максатында алар бир катар коомдук уюмдарга, ЖМКга арыздануу уюмуна,“Азаттыктын” борбордук кеңсесине кайрылганын айтты.

Адвокаттын айтымында, иликтөөнүн биринчи бөлүгүндө далилдери жетишсиз, экинчи бөлүгүндө Матраимовдордун кадыр-баркына доо келтирилген деп билдирди. Алардын коррупцияга канчалык тиешеси бар экенин сот аныктайт деди адвокат.

Ошондуктан Матраимовдор кадыр-баркына доо келтирди деп Свердлов райондук сотко кайрылышкан.

Адвокат доонун суммасы тууралуу да айтып өттү. Анын моралдык жактан канчалык жапа чеккени тууралуу суроого жооп берип жатып адвокат:

“Көз жашын банкага куюп келишим керек беле?” деп жооп берди.

“Укук талаасында биз өз укугубузду коргойбуз” деди Татьяна Карыжинская.

12-декабрда Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.

Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Сүрөт: АКИ пресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты