​Депутат Никитенко: “Бул — шайлоо алдында маалымат талаасын көзөмөлгө алуу аракетине окшоп жатат”

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “Азаттык”, “Клооп” 24 kg медиаларын Матраимовдордун сотко бериши жана алардын эсептеринин камакка алынышы боюнча өз пикирин билдирди.

-Айрыкча шайлоо алдында, бул маалымат талаасын көзөмөлгө алуу аракетине окшоп жатат. Сөз белгилүү ЖМКлар тууралуу болууда . Булар көйгөйдү көтөрүп, иликтөөлөрдү жасап келет. Эгер мен укуктун үстөмдүгүн орноттук деп ишенсем, соттордун калыс чечиминен үмүт кылмакмын. Бирок бул сот реформасын жүргүзүш үчүн бизге дагы узак жол басыш керектигин айтып турат.

Ал тургай Аида Салянованын саясий түс алган ишинде Жогорку соттун ишти кайра кароого макулдук бербегени айтылгандарды тастыктап турат.

Биз сөз эркиндигин жана ЖМКларды коргошубуз керек” деди Жогорку Кеңештин депутаты Никитенко.

12-декабрда Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.

Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты