​Стамалиева үч медиа эсептеринин камакка алынышын комментарийледи

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттык”, “Клооп”, “24 kg” медиаларынын эсептеринин камакка алынышын комментарийледи.

Стамалиева Президент сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып келгенин билдирди:

“Мамлекет башчы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Кыргыз Республикасынын Президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт” деди басма сөз катчы.

Бирок мамлекет башчы окуяга кандай реакция кылса да, соттун чечимине басым жасоо катары кабыл алынып каларын түшүндүрдү:

“Мамлекет башчы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек”

Бирок бул окуя демократиялык өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирерин баса белгиледи:

“Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Кыргыз Республикасынын Президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз”деди Стамалиева.

12-декабрда Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.

Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыздын суммасы төмөнкүдөй: “Азаттык” — 22 миллион сом, “Kloop” — 12,5 миллион сом, 24.kg — 15 миллион сом.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты