​Туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 4 года мурун

Кыргызстандын аймагында 13-15-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Бүгүн, 13-декабрда, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

14-15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты