Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы тапшырылды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаштарга 12-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшырды.

17 кыргызстандыкка тапшыруу аземинде өкмөт башчы лауреаттарды жана дипломанттарды сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

Премьер-министр өз сөзүндө жазуучу биринчи сыйлыгын 1945-жылы 17 жашында алганын белгиледи. Ал дүйнөдөгү 46 өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдардын мүчөсү болгон жана көп жыл элчилик кызматты аркалаган. Адамзаттын глобалдуу маселесин көтөргөн Рим клубунун Орто Азиядагы жападан жалгыз өкүлү болгонун кошумчалады.

«Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда экология, таза суу маселесин көтөргөн. Планетардык эс тутум – биздин Айтматов менен эсептешкенин көрүүгө болот. Бул биз үчүн чоң сыймык!» деди өкмөт башчы.

Сыйлыктын лауреаттарынын арасында коррупцияга байланыштуу олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкон маркум Уланбек Эгизбаев, спортко салым кошкон Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова ж.б. бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты