Жогорку сот райсоттун Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

  • 4 года мурун

Жогорку сот Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес деген негизде айыпталган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Жазаны ал кезде үч жаштагы кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турганы белгиленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты