Тыюу салуу аракетине карабай Бишкекте абанын булганышына каршы акция өттү

  • 4 года мурун

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылып жатышат. Акциянын катышуучулары беткап тагынып алышты.

Уюштуруучулардын айтымында, кийинки кезде Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

Милиция кызматкерлери бир нече жолу Биринчи май райондук сотунун чечимине таяныпя. акцияны токтотууга аракет кылышты. Бирок, укук коргоочу Азиза Абдирасулова аталган чечим бул митингге тиешелүү эмес экендигин айтты. Ошондой эле уюштуруучулар «Тынч чогулуулар жөнүндө» мыйзамга таянып, митинг мыйзамдуу өтуп жатканына басым жасашты.

Акция 13:30га чейин өтүп, андан кийин кишилер тарай башташты. Митингдин аягында уюштуруучулар Бишкекте абанын булганышына байланыштуу көйгөйлөр менен күрөшүү уланаарын айтышты.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»/Ырысбү Кылычбек кызы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты