​Россияда аскердик тик учак жарылып, эки адам мерт болду

  • 4 года мурун

12-декабрга караган түнү Орусиянын Краснодар аймагында Ми-28 согуштук тик учак кырсыкка учурап, эки учкуч мерт болду.

Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«База» жаңылыктар сайтынын маалыматына караганда, кырсыктан авиаполктун полковник наамындагы командири менен подполковник каза болгон.

ТАСС алар тажрыйбалуу учкучтар болгонун жазды. Кырсыкка туман себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Тик учак учары менен дароо жарылып кеткен.

Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн аскердик аэродромго атайын комиссия жөнөтүлдү.

Ми-28 — Орусиянын, Ирактын жана Алжирдин куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган согуштук тик учак. Экипажы эки адамдан турат — учкуч жана штурман-оператор.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты