​Бишкекте абанын булганышына каршы иш-чара өтүүдө

  • 4 года мурун

Бишкекте борбордук аянтта абанын булганышына каршы #БишкекСмог акциясы өтүп жатат.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өтүп жатат. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылып жатышат. Акциянын катышуучулары беткап тагынып, плакат көтөрүп турушат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 27-ноярда абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андагы маалыматка ылайык, ноябрь айында Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын бири деп табылган.

Иш-чараны «ПолитКлиника» медиасынын фейсбук баракчасынын түз эфиринен көрүүгө болот.

Сүрөт: «ПолитКлиника»/Ырысбү Кылычбек кызы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты