​Депутат Рысбаев өкмөттү Бишкекте абанын булганышы боюнча чара көрүүгө чакырды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рысбаев Бишкек шаарында абанын булганышы боюнча өкмөт коомчулуктун коңгуроо кагуусун угуп, комплекстүү чара көрүүнү талап кылды.

“Экотехинспекциянын” укуктары чектелген, бир жылда бир жолу гана субъекттерди текшерет. Мыйзам бузуу болуп жаткан жерди түзмө-түз текшере албайт, колу-буту байлануу. Бул — бир.

“Госархстрой” бош жер болсо эле үй сала берип, жел жүрбөй калган.»Роза ветров» болбой калган.

Кантцемент заводу, кирпич заводдору эмне жагып жатканын эч ким түшүнбөйт. Азыр мындай программа кылып алган, “Кыргызтеплоэнерго” электр котелдорду көмүргө өткөрмөй деген. Мындайдан кетиш керек. “Жашыл экономика” деп коебуз, каякка бара жатабыз?

Кара-Кечеге ЖЭБ курабыз деп программага кийирип алганбыз, ЖЭБ куруп кереги жок, ал жакта көмүрдүн сапатын караш керек. Союз маалында Кара-Кечени ачтырбай койгон” деди депутат Рысбаев.

Ал көмүрдүн сапатына да токтолуп кетти:

“Бүгүнкү күндө жергиликтүү көмүрдөн алыш керек деп кыйкырып жатып менчик көмүр казып жаткандар консорциум менен көмүр алып келет. Кандай көмүр келип жатат, эмне деген шлак жагып жатабыз, бул тууралуу маалымат алышыбыз керек.

ЖЭБ модернизация болгондон кийин ыш көбөйдү. Кодойгон трубасынан түтүн Бишкекти каптап жатат. Аны сураш керек. Чын эле ушундай болуп жатабы?” деди депутат.

Андан ары машиналардын техкароосу жоюлуп калгандыгын билдирди.

“Андан тышкары автомашиналар. Техосмотр дегенди Бабановдун убагында алып койгонбуз. Азыр импорттук машиналар катализатор менен келет. Аны чыгарып туруп сатып жиберип жатат. Түтүндү буркуратып айдап жүрөбүз.

Электромобиль машинага аракет кылыш керек. Кызматтык машиналар менен коомдук транспортту өткөрүш керек.

Бүт дүйнө экологияны сактоого аракет кылып жатат. А биз отурабыз. Буга коңгуроо кагып, көнүл буруш керек. Муну комплекстүү түрдө караш керек, бир эле ЖЭБ, бир эле автомашина эмес.

Ушуну карап, өкмөт кандай чара көрүп жатканынын жообун берсеңер. Биз мыйзамды оңдоп-түзөө жагынан жардам берели” деп маселе койду Рысбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты