​Боронов: «Бишкек конуштары газ менен камсыздалышы керек. Бул- абанын булганышынын алдын-алат»

  • 4 года мурун

Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизилиш керек. Бул абанын булганышын алдын алуунун бирден-бир чарасы.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланган отурумда билдирди.

«Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абанын булганышына алып келүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Ошондой Бишкек шаарындагы калктуу конуштар жылытуу мезгилинде көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Буга байланыштуу борбор шаардын конуштарын толугу менен газдаштыруу мезгил талабы» деди биринчи вице-премьер.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты