​Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-декабрда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара аймагындагы Миң-Булак калктуу конушунда тактала элек тилкеде Тажикстандын жарандары алты трактор менен жерди түздөп, айыл чарба иштерин жүргүзө башташкан.

“Кыргыз чек арачылары ал жерге барып, тактала элек жерде ишти токтотууну талап кылышты. Бирок коңшу республиканын тургундары бул талапты аткаруудан баш тартышты. Натыйжада эки тараптын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын аныктап бергенче иштерди токтотуу чечими кабыл алынды. Тажик тарап айыл чарба техникасын Кара аймагынан алып чыгып кетти” деп маалымдады Чек ара кызматы.

Тажик тарап азырынча бүгүнкү окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 28-ноябрдагы жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты