​Кыргызстандагы ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн турак-жай: жок нерсеге биринчи кезекте турушат

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен жетим балдарды үй менен камсыз кыла турган адистештирилген турак-жай фондун түзүүнү каалап жатышат.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia маалымат-аналитикалык порталында жарык көргөн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Азыркы учурда алардын саны 181 миң адам, же өлкөдөгү калктын санынын 3%ын түзөт. 2014-жылдан тарта майыптыгы бар адамдардын саны 16%га көбөйгөн.

Мыйзамга ылайык, жарандар бир канча пособиелердин түрүнө туура келсе дагы бир гана түрүн алууга укуктуу. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ичинен майыптыгы үчүн мамлекеттик пособиени алардын бештен бир гана бөлүгү – 70 миңдей адам гана алат. Калганы болсо аз камсыз болгон үйбүлө катарында социалдык жардам алышат.

Мурунку Ленин заводунун жатаканасындагы бир бөлмөдө Асель Султаналиева үч баласы менен жашайт, алардын бири өзгөчө камкордукка муктаж. Жолдошу каза болуп калгандан кийин бул келин Таластан Бишкекке көчүп келген, анткени, бул жакта анын кенже уулу Амантурга абдан керектүү адистер, медициналык тейлөө бар. Анын ашказанына 2018-жылдын декабрь айында Москва шаарынан операция жасалган, эми ал узак убакыт бою реабилитациядан өтүшү керек.

Сүрөт жеке архивинен
Асель Султаналиева.

Ошону менен катар эле Амантурда Даун синдрому дагы бар, ал беш жашка толсо дагы али баса элек. Апасы аны колуна көтөрүп жүрөт жана бир дагы мүмкүнчүлүктү текке кетирбейт. Турак-жай кодексинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге биринчи кезекте үй берилерин билгенден кийин ушул жылдын июль айында Бишкектин райондук социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн бирине үй алуу үчүн документтерин тапшырган.

“Бизде азыр социалдык үйлөр курулбай жатканын билем. Бирок үмүт кылам. Мага үй абдан керек”, — деп үмүттөнөт Асель.

Асель алиге чейин анын документтери кабыл алынган-алынбаганы тууралуу маалымат ала элек, бирок бул нерсе көзгө көрүнбөсө дагы ал үчүн мүмкүнчүлүк.

КРнын Турак-жай кодекси чындыгында эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди турак-жай менен биринчи кезекте камсыз кылууну кепилдейт, бирок бул тууралуу көп адамдар биле бербейт. Аз бөлүгү өзүнүн чарчы метрлерин ала алган.

44-берене. Турак-жай имараттарын кезексиз жана биринчи керекте берүү

2. Биринчи кезекте төмөнкү категориядагы жарандар турак-жай менен камсыз болушу керек:

5) оорудан улам майып болгондор, жумуш учурунда майып болгондор же профессионалдык оорулардын I жана II тобундагы майыптары, аскер кызматындагылардын I жана II тобундагы майыптары;

“Жашоо эмес, күн өткөрүү”

Нургүл Султанова – өзгөчө баланын апасы. Анын уулу Амирали алты жашта, ал Даун синдрому менен төрөлгөн, күйөөсү оорукчан баласы менен таштап кетип калган. Ал өзгөчө бала менен кантип жашоону, каякка барууну, эмне кылууну билбей оор күнгө туш болгон. Анын апасынын жардамы гана Нургүлдү кайгы менен депрессиядан суурулуп чыгышына жардам берген.

Нургүл уулу менен. Сүрөт жеке архивинен
Нургүл өзүнөн башка эч ким ага жардам бере албай турганын түшүнүп, кыйынчылыктан чыгуунун жолун жана мүмкүнчүлүктөрдү издей баштаган. Тилекке каршы, Кыргызстанда Даун синдрому менен төрөлгөн балдарга гана эмес, башка оорулар менен ооруган балдарга дагы эрте жашында жардам берген мамлекеттик программа жок. Аз сандагы иштеп жаткандар дагы тандап иштешет, аларга дагы кезек толтура.

Бара-бара Нургүл ага окшогон аялдар көп экенин, аларга эч ким жардам бербей турганын түшүнгөн. Алардын баары маалыматтык вакуумда болуп, балдары дарылануу менен пикир алышууга жабык болгонун баамдайт. Мына ушинтип ал “Нур Булак” фондун негиздеген.

“Биздин фонддогу апалар күйөөлөрү дагы, жакын адамдары дагы оорукчан баласын таштоого ынандырышканын айтышат. Баласынан баш тартпаганы үчүн үйүндө сабашканын айткан апалар дагы бар. Баласын жалгыз чоңойтуп жаткан апалар, ажырашкандар, жесир калгандар дагы көп”, — деп көйгөйлөрүн айтат “Нур Булак” коомдук фондунун жетекчиси Нургүл Султанова.

Өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдары бар айылдагы апаларга мындан дагы кыйын, — дарыгерлер жок, кайра калыбына келтирүүчү борборлор жок, билим берүүчү мекемелер дагы жок. Анан дагы коомчулук тарабынан өтө чоң басым жасалат. “Алкаштын, баңгинин, сойкунун баласы майып болуп төрөлөт” деген стигма аялдарды шаарга айдайт.

“Албетте, Бишкекте эле аларды бирөө күтүп турбайт. Акчалары дагы жок. Алар аябай катаал шартта жашашат. “Дордой” базарынын айланасынан, жаңы конуштардан батирлерди ижарага алышат. Негизинен алардын күчү 3-5 миң сомдук (43-72$) бөлмөлөрдү төлөгөнгө гана жетет. Себеби, Бишкектен квартираны ижарага алуу 15-20 миң сомдун тегерегинде (215-287$). Бул жашоо эмес, жөн гана күн өткөрүү», — дейт Султанова.

Нургүл өзү 1958-жылы курулган үйдө жашайт. Сүрөт жеке архивинен

Шаардык каттоосу жок болгондуктан оорукчан балалуу энелер социалдык кызматтарды, дарыланууну алуу боюнча көйгөйлөргө туш болушат. Бир гана жолу бар – жеке менчик клиникаларга көрүнүү керек. Бул социалдык жактан коргоого алынбаган үйбүлөнүн бюджетинин баары ишкерлердин чөнтөгүнө кетет дегенди түшүндүрөт.

Айрым үйбүлөлөр болсо өзүнүн менчик үйү болсо дагы жери трансформациядан өтпөгөнүнө байланыштуу документтерди ала албай жүрүшөт. Ошентип алар бир инстанциядан экинчи инстанцияга сүйрөлүп жүрүшөт.

Нургүл өзү деле укмуш шарты бар жерде жашабайт, ата-энеси сатып берген 1958-жылы курулган кичинекей үй. Чатырынан суу өтөт, үйдө көп жылдан бери ремонт болгон эмес, ата-энеси чатырын алмаштырууга жардам беришкен.

Себеби, анын тапкан акчасы уулунун дарылануусуна жана тамак-ашына кетет. Бирок анда жок дегенде турак жай жана адистештирилген билим берүү мекемелери менен реабилитациялык борборлор талап кылуучу шаардык каттоо көйгөйү жок.

2019-жылдан баштап “Нур Булак” коомдук фонду ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үйбүлөлөргө социалдык турак-жайга кезекке турууга керектүү документтерди чогултууга жардам берип иштеп баштады.

Милдеттүү

Кыргызстанда бүгүнкү күндө ар бир адам турак-жай маселесин кандай чече алса ошондой чечип келет. Бул маселеге мамлекет такыр катышпайт. 2016-жылы өлкөдө “Турак-жай жеткиликтүүлүгү 2015-2020” өкмөттүк программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) пайда болуп, турак-жай үчүн насыяларды бере баштаган. Бирок, баары эле келип каржы маселесине такалат.

МИКтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө убактылуу насыялар берилбей жатат, кезекке тургандардын саны көп, бирок акча жок. Ошентсе дагы бул программанын алкагында ипотека боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн пайызды 7-9%га чейин түшүрүүгө мүмкүн болду. Ал эми ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу айта турган болсок, мындай жарандар каралган дагы эмес.

“Учурда биз ипотекалык насыяны мамлекеттик кызматкерлерге гана беребиз. Бул жылдан тартып “Жеткиликтүү ипотека” (бир жылга 14%) жана “Өз алдынча үй куруу” (өзүнүн жер тилкеси болуусу шарт) программалары ишке кирди. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аз камсыз болгондор жана башка социалдык топтор каралган жок”, — деп билдирет Мамлекеттик ипотекалык компаниянын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нурида Имаралиева.

Турак-жай кодексине карабай, Кыргызстанда майыптарды үй менен камсыз кылуу багытында эч кандай иш жасалбаганын айтат КР ЖК депутаты Дастан Бекешов. 2011-жылы бир аракет башталган, бирок ал ишке ашкан эмес.

“2011-жылы мен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда курулуп жаткан үйлөрдөн “Социалдык турак-жай” программасынын алкагында үй алып бергенге жардам бергем. Бирок, алар адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн кийин билдик. Үй бөлүштүрүүгө мен өзүм катышкан эмесмин, бирок кийин менин дарегиме көп негативдүү сөздөр айтылды. Ошондуктан, ачыгын айтканда, мындай иш менен алектенбей калдым”, — деп түшүндүрөт Дастан Бекешев.

2011-жылы бөлүштүрүлгөн ондогон квартираларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча соттук териштирүү алиге чейин уланып келет. Турак-жай кодекси I жана II топтогу майыптарды үй менен камсыз кылууга кепилдик берет, иш жүзүндө болсо бул орундарды майыптыгы жок, соо адамдар ээлеп алган. Азыркы тапта бул квартиралар камакка алынган, эгерде аны Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балансына өткөрүп беришсе, анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ондогон үйбүлө турак-жай менен камсыз болуп калат.

Салыштыруу үчүн:

Расмий маалыматтарга караганда, 1991-жылы Кыргызстанда турак-жай менен камсыз кылуу бир адамга 12,2 чарчы метрден туура келсе, 2019-жылы бул көрсөткүч ошол бойдон эле калып жатат. Турак-жай менен камсыз болуу боюнча 25 жыл ичиндеги максималдуу көрсөткүч 2010-жылга туура келип, киши башына 15,7 чарчы метрден туура келген. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасында айтылат.

Башка өлкөлөрдө:

2012-жылы Беларусь Республикасында киши башына 25,4 чарчы метр, Орусияда 23,4 чарчы метр, Казакстанда 19,6 чарчы метр, Кытайда 27 чарчы метр туура келген.

Батыш өлкөлөрүндө бул көрсөткүч мындан дагы жогору. Норвегияда киши башына 74 чарчы метр (2006-ж.), АКШда – 69,7 чарчы метр (2010-ж.), Данияда 50,6 чарчы метр (2003-ж.) туура келет.

Кыргыз Республикасындагы турак-жай менен камсыз кылуу боюнча жагдайды кошуна өлкөлөргө жеткирүү үчүн (киши башына 18 чарчы метр) жалпы аянты 30,25 млн. чарчы метр турак-жай куруу керек болот (7446га жакын ири панелдүү көп квартиралуу үйлөрдү куруп). Азыркы кездеги турак-жай фондунун 40%ы эскирген.

Чечүүнүн жолу барбы?

2019-жылдын 14-мартында Кыргызстан акыры Майыптардын укугу тууралуу конвенцияны ратификациядан өткөрдү. Буга 2011-жылы эле кол койгон болчу, бирок ратификация процесси эми өттү. Эң башкы себеби — бюджеттеги акчанын тартыштыгы.

Эми Кыргызстан үч жылдын ичинде биринчи жыйынтыктарды көрсөтүшү керек. Анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоосуна жакшы шарт түзүү боюнча дагы – бул пункт дагы БУУнун майыптардын укуктары боюнча конвенциясында жазылган:

28-берене. Жеткиликтүү жашоо деңгээли жана социалдык коргоо

2. Катышуучу-мамлекеттер майыптардын социалдык коргоого болгон укуктарын таанып, ал укуктарын дискриминациясыз пайдалануусуна шарт түзүп жана бул укуктардын ишке ашуусуна тиешелүү чараларды көрөт, алардын ичинде төмөнкү чаралар дагы бар:

d) мамлекеттик турак-жай программаларынын майыптар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди турак-жай менен камсыз кылган мамлекеттик программа жок. Бирок Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиясынын төрайымы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, майыптарды үй менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча Өкмөттүн бир катар варианттары бар.

“2019-жылдын 4-сентябрында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана жетим балдарды турак-жай менен камсыз кыла турган адистештирилген турак-жай фондун түзүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты”, — дейт Өмүрбекова.

Бул адистештирилген фонддун эсебин соттун чечими менен конфискацияланган мүлктөрдүн, жарандардын жана юридикалык тараптардын кайрымдуулук үчүн берген каражаттарынын, эл аралык каржы институттарынын жана башка донорлордун, аны менен катар мамлекеттик-жеке ишкердик өнөктөштүгүнүн алкагында иштеп жаткан турак-жай имараттарынын эсебинен толтуруу пландалып жатат.

Алтынай Өмүрбекованын айтымында, экинчи вариант, — мамлекеттик бюджеттен субсидия берилип курулган үйлөрдөн ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге квоталарды берүү. Жалпы курулган турак-жайдын 5-10%ы бөлүнүп берилет. Азыркы учурда аскер адамдарына, укук коргоо органдарына, прокуратура органдарына ж.б. үйлөр курулуп жатат.

Үчүнчү вариант дагы бар, эң жөнөкөй жана логикага туура келген, бирок ишке ашырууга эң кыйын болгон вариант. Бул ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн үй куруу. “Мамлекет буга дагы жетет, — деп ишенимдүү айтат Өмүрбекова, — бирок учурда бул маселени чечүүгө мамлекеттин бюджетинин күчү жетпейт”.

Ошондуктан, биринчи кезекте басым биринчи вариантка жумшалат – адистештирилген турак-жай фонду. Бирок азырынча бул система кандай иштээри аягына чейин иштелип чыга элек.

“Нур Булак” фондунун жетекчиси Нургүл Султанова азыркы жагдайды эске алып мындай иштердин башталып жатканын позитивдүү баалайт. Ал фонд иштеп баштап, муктаж болгон үйбүлөлөр турак-жай менен камсыз болоруна үмүт артат. Бирок, бул имараттар майыптыгы барлардын муктаждыгына туура келбей калышы мүмкүн деген чочулоолор бар.

“Балким ал имараттарда пандустар болбой калышы мүмкүн, эшиктердин өлчөмдөрү майыптардын коляскаларына туура келбей калышы ыктымалдыр же көзү азиздер үчүн атайын үн сигналдары болбой калаттыр? Мындай имараттарда жашоо кыйынга турат. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үй берүүдө коммуникация, коомдук транспорттун жана билим берүү мекемелеринин жеткиликтүүлүгү сыяктуу факторлорду дагы эске алуу керек”, — деп белгилейт Султанова.

Азырынча майыптыгы бар кыргызстандыктар жана өзгөчө балдар бар үйбүлөлөр өздөрүнө гана ишениши керек. Себеби, квартира же жер тилкесин алуу боюнча башка мүмкүнчүлүк жок.

Кала берсе өкмөттүн адистештирилген турак-жай фондун түзүү боюнча токтомунда дагы мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасында турак-жай кыймылсыз мүлкүн иштетүү негиздери түзүлгөнүнө карабай, рыноктук механизмдерди колдонуу менен жогорку деңгээлдеги киреше тапкан чектелүү гана жарандардын контингенти турак-жай ала алат”.

Инна Аксенова

Бул материал IWPRдын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты