​Айрым жол эреже бузуу боюнча айып азайтылат

  • 4 года мурун

Айрым жол эрежесин бузуу боюнча айып пул азайтылат. Бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда жол эрежесин бузуудагы айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мурда жол белгилерди бузуу боюнча айып 3 миң сом болсо, эми 1 миң сомго чейин төмөндөтүлөт.

-аялдама жана унаа токтотчу жай эрежесин бузуу;

-дистанция, интервал эрежесин бузуу, жолдун унаа өтчү жээгине машина токтотуу, жол кыймылынын эрежесин бузуу;

-машинаны стоп-тилкеге токтотуу эрежесин бузуу;

-сырткы жарык берүү жабдыктарынын эрежесин бузуу же эскертүү белгилеринин эрежесин бузууга мурда 3 миң сом айып пул салынса, азыр ал 1 миң сомго чейин төмөндөтүлдү.

Жалган же жасалма номур менен жүргөн унааларга мурда 10 миң сом айып каралса, азыр ал жаза 20-30 миң сомго жетет.

Машинанын номурун жоготкондорго 30 миңден 60 миң сомго чейин айып салынат.

Унаанын мамлекеттик номурун жашыргандарга, номуру жок жүргөндөргө 10 миң сомго чейин айып салынат.

Бул өзгөртүүлөр мыйзам долбооруна мамлекет башчы кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты