​Трамп Орусияга АКШдагы шайлоого кийлигишпөөнү эскертти

  • 4 года мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Москвага Кошмо Штаттардагы шайлоого аралашпоону эскертип, Украина менен карым-катнашты жөнгө салууга чакырды.

Бул тууралуу 10-декабрда Вашингтондо Дональд Трамп менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусунан кийин Ак үй тараткан маалыматта айтылат.

Билдирүүгө ылайык, Трамп “куралдануунун үстүнөн глобалдык көзөмөлдү күчөтүүнү” колдоп, Москваны АКШнын өзөктүк курал жасоого жол бербөө боюнча аракеттерин колдоого чакырды.

Лавров Вашингтонго “Норманд төрттүгүнүн” сүйлөшүүлөрүнөн кийин барды.

10-декабрда Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Сергей Лавров менен кездешкен. Алар эл аралык жана эки мамлекет ортосундагы байланыш, атап айтканда Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу, Венесуэладагы бийликтин алмашуусу, Украинадагы тынчтык жана Орусиянын 2016-жылы АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү сыяктуу маселелерди талкуулашкан.

Сүрөттө: Сергей Лавров жана Марк Помпео. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты