Монополияга каршы агенттиктеги мыйзам бузуулар аныкталды

  • 4 года мурун

Баш прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, монополияга каршы агенттикте бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде кызматтык унаа алууда кемчиликтер, иштебеген эки айдоочуга айлык акы жазуу, күйүүчү жана майлоочу майды ыгы жок ысырап кылуу фактысы ачыкка чыкты.

Монополоияга каршы агенттикте жалпысынан 1 млн 799 миң 638 сом турган бюджеттик каражат мыйзамсыз жумшалгандыгы белгиленген.

Бул фактылар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене боюнча катталган.

Андан тышкары эл аралык “Манас” аэропортунан мамлекеттик эсебине алынган 33,3 млн сом турган сумма төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле С. А. аттуу кызматкер жогорку билим тууралуу жасалма диплом менен иштеген. Аталган кызматкер учурда жумуштан бошонуп кеткен.

Бул кылмыш иштери тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгендигин башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты