​Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттукпсихиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Асел Кодуранова кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Анын жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгарылат.

9-декабрда Ички иштер министрлиги мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка байланыштуу шектүүлөр ушундай экспертизадан өтүшү зарыл экенин маалымдаган.

Министрлик «2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шек саналып жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесуалдык кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү» – деген кайрылуу тараткан.

ИИМдин тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты