​Чек арадан курулуш материалдарын мыйзамсыз ташып киргендер аныкталды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пунктарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктарынан Кыргыз Республикасынын аймагына жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып киргендерди аныкташты.

“Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Ар бир унаада 20 кубметр жыгач материалдары болгон. Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болгон.

Ушул эле пунктта 350 миң сом суммасында сэндвич панелин, 135 миң сом суммасында желдетүүчү аба киргизүүчү материалдарды алып кирүүгө бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

“Ак-Тилек авто жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунан гипсокартон жана асбест түтүктөрүн ташыган 2 унаа кармалган.

Унаанын биринде эсеп-фактурадагы маалыматтар менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр дал келген эмес: документте 510 даана гипсокартон көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1360 даана болгон. 400 даана түтүк алып келе жаткан экинчи унаанын айдоочусунда электрондук эсеп-фактурасы болгон эмес.

Бул фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын тобуна берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты