​Россия эл аралык ири спорттук мелдештерден төрт жылга четтетилет

  • 4 года мурун

Кызытмага (допингге) каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) аткаруу комитети Орусияны эл аралык ири спорттук мелдештерден, анын ичинде Олимп оюндары менен дүйнө чемпионаттарынан төрт жылга четтетти.

Мындай чечим аткаруу комитетинин Швейцарияда өткөн жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Буга Орусия спортундагы кызытмага каршы күрөшүү эрежелеринин бузулушу, анын ичинде Москвадагы антидопинг лабораториясындагы маалыматтар базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети себеп болду. Азырынча бул чечим күчүнө кире элек. Орусия 21 күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылса болот.

Өткөн жумада кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин атайын комитети Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигин (РУСАДА) допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп тапкан. Буга байланыштуу спортчулар Олимп оюндары менен дүйнөлүк мелдештерге Орусиянын желеги менен катыша албайт. Эгер алар кызытма колдонбогонун далилдей алышса, мелдештерге нейтарлдуу туунун алдында катышса болот.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ал эми РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча Россиянын Президенти Владимир Путин бул чечим саясатташып кеткенин жана бүтдүйнөлүк олимпиадалык хартияга карама-каршы келээрин, кандай жаза болгонун коллективдүу эмес, жеке болушу керектигин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты