Каракол: мал базарынын ээси муниципалдык жерди максатсыз колдонуп жатат

Иликтөө учурунда мал базарынын кожоюндары келтирилген каталарды оӊдоого убада беришкен, бирок бардыгы азырынча али мурдагыдай эле калууда.

Бул иликтөөнүн түп нускасы Cabar.asia маалымат-аналитикалык порталында жарык көргөн.


Караколдогу мал базар 1869-жылы – Пржевальск шаары, азыркы Каракол шаары түптѳлгѳндѳ эле пайда болгон. Алгач ал азыркы кийим-кече, буюм сатылуучу «Ак-Тилек» базарынын аймагында жайгашкан. Бирок тез эле чоӊоюп кеткендиктен, башка жерге которушкан. Бүгүнкү күндѳ базар Удилов/Валиханов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде орун алган. Караколдуктар бул аймакты «нефтяниктер» деп аташат. Мал базар Ысык-Кѳл областындагы эӊ ири базар болуп эсептелет. Себеби, аталган жерге бардык райондордон, ал тургай коӊшу мамлекеттерден дагы мал алып келип сатышат. Базар жекшемби күндѳрү түнкү саат бирден баштап, түшкѳ чейин иштейт.

Жакында эле бизге расмий мал базардын мыйзамсыз ѳз аймагын кеӊейтип алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкѳн. Биз бул маалыматтын чындыкка дал келүүсүн текшерип кѳрүүнү чечтик. Кѳрсѳ, мал базардын жетекчилиги мал базардын алдындагы жерлерди ижарага алып, ал жерлерди дагы мал сатылуучу жайга айландырыптыр. Ал эми документтер боюнча аталган жер тилкесинде унаа токтотуучу жай жана коммерциялык максаттагы объектилерди орнотуу үчүн аймак орун алышы керек болчу. Жерлерди мыйзамсыз басып алуубу же максатсыз пайдалануубу? Бардык нерсени ирети менен айтып берели.

Быйылкы жылдын март айында Каракол шаарынын мэриясы мал базардын тегерегиндеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукцион жарыялаган. Аукционго мал базардын жетекчиси – Бакыт Түлѳжанов дагы катышкан. Бирок, жер тилкеси үчүн жылына 815 миӊ сом сунуштоо менен башка катышуучу – Адылбек Жусупбеков жеӊүүчү аталган. Жер комиссиясынын чечимине макул болбогон Бакыт Түлѳжанов ушул эле жылдын апрель айында сынак мыйзам бузуу жолу менен ѳткѳрүлгѳндүгүн, тактап айтканда, аукционго коюлган жер тилкелеринин баштапкы наркын тѳмѳндѳтүү менен ѳткѳрүлгѳндүгүн билдирип, прокуратурага кайрылган.

Май айында прокуратура Каракол шаарынын мэриясына аталган мыйзам бузууларды оӊдоо боюнча талап жиберген. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 Токтомуна, ошондой эле Каракол шаардык кеӊешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы №267/1 Токтому менен бекитилген Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кирген жер тилкелерине акы тѳлѳнүүчү негизде жеке менчик укугун берүү же ижарага берүү тартиби жана шарттары жѳнүндѳгү жобого ылайык, жер тилкелеринин баштапкы баасы жылына 834 131 сомдон кем болбоого тийиш эле. Ошентип, туура эмес кѳрсѳтүлгѳн нарк үчүн мамлекетке 183 859 сом ѳлчѳмүндѳ зыян келтирилген. Шаардык прокуратура мэрияга жер тилкелерин ижарага берүү боюнча кайрадан сынак ѳткѳрүү жолу менен, жол берилген мыйзам бузууларды оӊдоо талабын камтыган токтом чыгарган. Бирок, мэрия бул талапты аткарган жок, ошондой эле кайрадан сынак ѳткѳргѳн эмес. Жер комиссиясы прокуратуранын кѳрсѳтүмүнѳ шилтеме берүү менен, Каракол шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жѳн гана А.Жусупбеков менен түзүлгѳн келишимди жокко чыгарууга милдеттендирген жана экинчи катышуучу – пайдаланган жер тилкеси үчүн жылына 701 миӊ сом сунуштаган Б.Түлѳжанов менен жаӊы келишим түзүлгѳн. Ал эми жогоруда белгиленип кеткендей, баштапкы нарк жылына 834 131 сомдон кем болбошу керек эле. Шаардык прокуратура талап кылган жаӊы аукцион ѳткѳрүлбѳй туруп, ага кошумча тѳмѳндѳтүлгѳн баштапкы нарк менен Б.Түлѳжанов жер тилкелерин кантип ижарага алып калгандыгы тууралуу суроо туулат. Балким, мунун себеби базардын ээсинин туугандарынын мамлекеттик кызматтарды ээлегендиги менен байланыштуу болуп жүрбѳсүн? Ижарачы Бакыт Түлѳжанов журналисттердин суроолоруна жооп берүүдѳн баш тартты. Анын ордуна тууганы – Эржан Түлѳжанов жооп берип, апасынын Каракол шаардык кеӊешинин депутаты экендигин ырастады. «Мурда бул жер таптакыр каралбаган аймак болчу. Биз оӊдоп-түзѳп, ижарага алдык жана бардык тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында ишке ашырып турабыз. Ал эми эл колдоонун ордуна дайыма эле бизден шек саноого аракет кылат», – дейт Эржан Түлѳжанов.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикке кирген жер тилкелерине акы тѳлѳнүүчү негизде жеке менчик укугун берүү же ижарага берүү тартиби жана шарттары жѳнүндѳгү» типтүү жобого ылайык, тооруктар жер комиссиясынын эмес, соттун чечиминин негизинде гана жокко чыгарылат. Ошондой эле жер комиссиясы аукциондун жеӊүүчүсү катары, биринчи катышуучудан кийин эле эӊ жогорку бааны берген экинчи катышуучуну жеӊүүчү деп табууга укуктуу. Иш жүзүндѳ болсо, экинчи катышуучуну жеӊүүчү деп аныктап, жер тилкелерин ижарага тѳмѳнкү баа менен берип коюшкан. Бул болсо, шаардык прокуратуранын буйругуна каршы келет. Бүгүнкү күндѳ Каракол шаарынын прокуратурасынын жазма буйругу толугу менен аткарылган жок. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №59 Токтому менен «Муниципалдык менчикке кирген жер тилкелерине акы тѳлѳнүүчү негизде жеке менчик укугун берүү же ижарага берүү тартиби жана шарттары жѳнүндѳгү» типтүү жобонун 7-пунктунун 2-абзацына ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, бул жерде «комиссиянын курамына жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруунун аткаруу органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын ѳкүлдѳрү кирет, комиссиянын курамында шаардык кеӊештин депутаттары болбоого тийиш» деп жазылган. Сынак ѳткѳрүлүп жаткан учурда комиссиянын жаӊы курамы түзүлүп, бекитилгенби? Бул суроо азырынча ачык бойдон калууда.

Б.Түлѳжановго ижарага берилген жер тилкелери документ боюнча капиталдык курулуш укугу берилбестен, коммерциялык максаттагы объектилерди 5 жылдык мѳѳнѳткѳ убактылуу орнотууга, ошондой эле унаа токтотуучу жайга багытталган. Ал эми аталган жерде дагы бир мал базар орун алган. Ижарачы жер тилкелерин максатсыз колдонуу менен, аймакка токтогон унаалар үчүн дагы, ар бир баш мал үчүн дагы киреше алууда. Ошентсе да, Б.Түлѳжанов келишимдин бир бѳлүгүн, кайра эле эреже бузуу менен, бул жолу санитардык эрежелерди бузуу менен аткарган. Б.Түлѳжанов ижарага алган жер тилкелерин азык-түлүк павильондорун орнотуу үчүн башка кишилерге кошижарага берип койгон. Ал эми санитардык ченемдерге ылайык, буга жол берилбеши керек. «Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жѳнүндѳгү» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 Токтомуна ылайык, мал базардын аймагында 200 метр радиуста санитардык-коргоочу аймак болууга тийиш жана ал аймакта биринчи кезекте тамак-аш жана азык-түлүк объектилери болуп, эч кандай объект орун албашы керек. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык станцияда буга жол бериле тургандыгын белгилешти. Ушул эле пикир мал базардын жанында орун алган тегирменге карата да айтылды. «Мал базардын жанында тамак-аш павильондорунун жайгашуусун биз кѳзѳмѳлдѳбѳйбүз, муну ветеринардык кызмат кѳзѳмѳлдѳѳгѳ тийиш. Биз болсо, аталган тамак-аш павильондорун текшерип чыгып, бир катар эреже бузууларды аныктадык. Ал жерлерде суу түтүктѳрү менен канализация ѳткѳрүлгѳн эмес, ашкана кызматкерлеринин санитардык китепчелери жок экен. Бир жуманын ичинде аткарууга милдеттендирген жазма буйрук жибердик», – деп билдирди Каракол шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери Рая Хафизова.

Бирок, муну менен Б.Түлѳжанов тарабынан эреже бузуулар аяктаган жок. Ал ижарага алынган жер тилкесине бетон тосмо орнотуп, уруксатсыз эле жанындагы жер тилкелерин ээлеп алган. Басып алган жерлер ошол эле аймакта жайгашкан «Элдан» тегирменинин бет маӊдай бѳлүгүнѳ тийиштүү. Мыйзам боюнча аталган жер тилкелери муниципалдык менчикке кирип, азырынча ээси жок. Жердин ээсин аныктоо аукцион жолу менен ишке ашырылууга тийиш, ал эми бүгүнкү күнгѳ чейин мындай иш-чара ѳткѳрүлѳ элек. Буга кошумча, Б.Түлѳжанов Валиханов кѳчѳсүнүн тегирмендин дубалдарына жанаша жайгашкан унаа жүрүүчү жол бѳлүгүн ѳзүм билемдик кылып курчап, аны 40 метрге жылдырып салган. Муну менен ал кошумча киреше алуу үчүн жаӊы тилкеге ээ болгон. «Ооба, бул бетон тосмолорду мен орнотком. Бул жерде тартипти камсыздоо үчүн, ѳзүмѳ тиешелүү жер тилкелерин курчап коюшум зарыл эле», – деп түшүндүрдү Э.Түлѳжанов.

darek.kg расмий булактан алынган маалыматтарга ылайык, Б.Түлѳжанов уруксатсыз жылдырып салган Валиханов кѳчѳсү «Элдан» тегирмени менен Түлѳжанов ижарага алган жердин ортосунда жайгашуусу керек, бирок, иш жүзүндѳ кѳчѳ бир тарапка жылдырылган.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ысык-Кѳл аймактык башкармалыгынын жетекчиси Шергазы Жумашев мал базардын башчысы Б.Түлѳжанов кѳчѳнү ѳзүм билемдик менен уруксатсыз жылдырып, ижара алынган жер тилкелерин айланта бетон тосмолорду орнотуу менен ѳзүнѳ тиешелүү эмес жерлерди да басып алгандыгын бизге түшүндүрдү. «Биз учурда ижарага берилген бул жер тилкесинин планын иштеп чыгып жатканда, бардык унаа кире турган жолдорду, бардык кирүү жана чыгуу жерлерин эске алганбыз. «Элдан» тегирменине эки тараптан теӊ 12 метр узундукта тоскоолдуксуз кирүү жери болушу керек эле. Мындан тышкары, тегирменди бойлото электр ѳткѳрүүчү чубалгылар ѳтѳт, тегирмен корголуучу аймакка кирет жана ага кирүүдѳ эч кандай тоскоолдук болбоого тийиш. Ооба, Түлѳжанов бул аймакты тосуп алган, ал эми мыйзам боюнча мындай болбошу керек. Аймакта тегерете эркин ѳтүү мүмкүндүгү камсыздалуусу зарыл», – деп билдирди Ш.Жумашев.

«Элдан» тегирменинин жетекчиси Кантемир Байзаков областтык прокуратурага берген арызында жер тилкесин ижарага алган Б.Түлѳжанов кылган иш-аракеттери менен КР Жазык кодексинин 172-1-беренесин – жер тилкелерин уруксатсыз ээлеп алуу же басып алуу, 211-беренесин – мыйзамсыз ишкердик же банктык ишмердүүлүк, ошондой эле 231-беренесин – салык жана (же) башка бюджеттик милдеттүү тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруудан качуу – бузгандыгын билдирген. Муну тѳмѳнкү фактылар ырастап турат:

– жер тилкелерин максатсыз пайдалануу, б.а. документтер боюнча ижарага алынган жерлерде унаа токтотуучу жана объектилерди орнотуу үчүн жай орун алышы керек болчу. Ал эми иш жүзүндѳ мал базар жайгашкан;

– Б.Түлѳжановдун кишилери ижарага алынган аймакта мал саткан жарандардан акы алышат. Ал эми мал үчүн акы расмий мал базардын аймагына кирген учурда гана тѳлѳнүүгѳ тийиш;

– Б.Түлѳжанов ѳзү ижарага алган жер тилкесине жанаша жайгашкан эки жер тилкесине кирген кишилерден акы алат. Бул эки тилке «Элдан» тегирменинин бет маӊдай бѳлүгү жана учурда алар муниципалдык менчик болуп эсептелет. Башкача айтканда, жер тилкелери расмий түрдѳ кимдир-бирѳѳнүн пайдалануусуна берилген эмес;

– Б.Түлѳжановдун кишилери талаш аймакта жүрүү менен, тегирмендин аймагына кирген унаалардан дагы акы алышат.

– Б.Түлѳжанов тегирмендин аймагына жана Жол-эксплуатациялык башкармалыктын аймагына тоскоолдуксуз кирип чыгууну камсыздоого милдеттүү болгонуна карабастан, муну ишке ашырган эмес.

Б.Түлѳжановдун тууганы Эржан талаш аймакта мал сатуу иш-аракетин шаардыктар ѳздѳрү жүргүзѳрүн жана аларды аталган аймактан башка жерге баруусун талап кылуу колунан келбей тургандыгын айтты. «Бул талаш аймакты биз басып алган жерибиз жок, шаардыктар ѳздѳрү келип, ушул жерде мал сатышат. Ал тургай биз бул жерди тартипке келтирүүгѳ жардам сурап, компетенттүү органдарга да кайрылганбыз. Тилекке каршы алардан тийиштүү жооп ала алган жокпуз», – деп билдирди Эржан. Балким, бул чындыкка жакындыр. Бирок, ал ѳзү жана анын адамдары аталган талаш аймакка киргендерден акы чогултуп жаткандыгын кандайча түшүнүүгѳ болот? Бул суроого биз жооп ала алган жокпуз.

«Элдан» тегирменинин жетекчиси Кантемир Байзаков ага тиешелүү аймакка кирүүгѳ акы алынгандыгы, ошондой эле тегирменге кире бериште мал сатуу иш-аракети жүрүп жаткандыгы үчүн ачууланып жаткандыгын билдирди. Бул коргоочу аймактар жѳнүндѳгү талапты одоно түрдѳ бузууда. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарына ылайык, тегирмендин аймагынын айланасында 100 метрлик коргоочу аймак болууга тийиш (http://extwprlegs1.fao.org/docs/pdf/kaz112222.pdf)

Иш жүзүндѳ ал жерде эч кандай санитардык аймак жок, ал эми тегирмендин аймагына кире турган жер мал соодагерлери менен тосулуп калган. Документтер боюнча тегирменге 12 метр узундуктагы тоскоолдуксуз кирүү камсыздалууга тийиш экендигине карабастан, ал жерден басып ѳтүү дагы мүмкүн эмес. К. Байзаков кѳйгѳйдү чечүү үчүн компетенттүү органдарга бир нече жолу кайрылган, тилекке каршы, азырынча эч кандай жыйынтык жок. «Мен азык ѳндүрүшү менен алектенем, санитардык талаптарга ылайык, бул жерде 100 метр радиуста эч кандай мал базар болбоого тийиш. Башынан эле мал базар үчүн аймак туура эмес белгиленген. Базарды шаардын четине кѳчүрүш керек. Буга кошумча, Түлѳжанов бул бетон дубалдарды куруп, анын айынан кѳчѳнү башка тарапка жылдырышты. Натыйжада ижарага алынган жер дагы эки метрге кеӊейди. Анысы аз келгенсип, Ысык-Кѳл областынын ички иштер бѳлүмүнүн кызматкери болуп иштеген Б.Түлѳжановдун атасы мени коркутуп-үркүтүүгѳ аракет кылууда», – дейт К.Байзаков.

Муниципалдык башкармалыктан ижарага алынган жердин максатка ылайык колдонулушуна кѳзѳмѳл жүргүзгѳн башкы орган болуп, Каракол шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти (ММБД) эсептелет. ММБД жетекчиси Эрлан Исаев «Элдан» тегирменинин алдында жайгашкан жана учурда мал базардын жетекчилиги ѳзүм билемдик менен ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан талаш жер тилкелери эч кимге таандык эмес экендигин ырастады. «Биз азыр бул эки талаш жер тилкесин аукционго чыгарууга даярдап жатабыз. Ал эми Түлѳжанов тарабынан бетон тосмолордун тургузулушу тартипти орнотуу максатында аткарылган, тактап айтканда, мурда шаар тургундары жолдун так ортосуна чыгып мал сатышчу, ошондуктан жолдо башаламандык пайда болуп калчу. Азыр болсо, дубалдарды орноткондон кийин жергиликтүү жашоочулар курчалган аймактын ичинде соода жүргүзүүгѳ мажбур болуп калышты. Ал эми Түлѳжановдун талаш жерге киргендердин баарынан акча чогултуусу жана уруксаты жок жана эреже бузуулар менен дубалдарды тургузуп коюусу боюнча мен эч нерсе айта албайм, себеби ѳз кѳзүм менен кѳргѳн жокмун», – деди Э.Исаев. ММБД жетекчиси Э. Исаев талаш жер тилкелерин ээлеп алуу менен бетон дубалдардын тургузулушунун мыйзамдуулугун жана зарылчылыгын бизге түшүндүрүп бере алган жок. Анын айткандарынан биз Каракол шаарынын мэриясы Түлѳжанов тарабынан мал сатуучулардан акча чогултуп, кошумча киреше таап жаткан талаш жер тилкелеринин уруксатсыз колдонулушун мыйзамдуу деп эсептегенин түшүндүк.

«Элдан» тегирменинин жетекчилиги бир нече жолу Каракол шаарынын мэриясына жардам сурап кайрылган. Тилекке каршы эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Шаардын мэри Адыл Каниметовдун ою боюнча, жер тилкелерин ижарага алууда жана пайдаланууда эч кандай мыйзам бузуу жок. «Бул маселе боюнча, башында архитектура кандай чийсе, башкача айтканда картада кандай болсо, ошондой болушу керек, ал эми кѳзѳмѳл ММБД тарабынан жүргүзүлүүгѳ тийиш. Ижарачы болсо, жерди пайдалангандыгы үчүн ѳз убагында ижара акысын тѳлѳп турууга милдеттүү», – деп билдирди мэр.

Экинчи бир кѳзѳмѳл органы – бул Каракол шаарындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. «Элдан» тегирменинин жетекчиси Кантемир Байзаков талаш жер тилкелерин колдонуунун мыйзамдуулугун, мал базардын жетекчилиги тарабынан ижарага алынган жерлердин максаттуу колдонулуп жаткандыгын, ошондой эле санитардык жана техникалык талаптардын сакталып жаткандыгын текшерүүсүн ѳтүнүп, аталган органга дагы арыз менен кайрылган. Ал эми мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги кабыл алган жок деген шылтоо менен текшерүүдѳн баш тарткан (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12797). Ѳз кезегинде Экономика министрлиги жеке субъектилерди текшерүүгѳ мораторий киргизилгендиктен ѳтүнүч кабыл алынбагандыгын түшүндүрдү.

«Мамэкотехинспекцияда мен берген арыздын коркунуч даражасы анча жогору эмес экендигин билдиришти. Тактап айта турган болсок, биз талаш жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерип берүүлѳрүн ѳтүндүк, алар болсо эгер ал жерде кишилердин ѳмүрү жана ден соолугу үчүн эч кандай коркунуч жок болсо, мындай текшерүүнү жүргүзүү мүмкүн эмес экендигин айтышты. Үч жер тилкесин ижарага алууга байланышкан биздеги документтер боюнча, булар унаа токтотуучу жай жана коммерциялык багыттагы объектилерди орнотуу үчүн гана колдонулууга тийиш. Ал эми ар жекшемби сайын базарда келип чыккан абал ал жерде тез тамактануучу жайлар жана мал базар сыяктуу унаа токтотуучу жай да, объектилерди орнотуу да бар экендигинен кабар берет. Чындыгында буга жол берилбеши керек болчу», – дейт К. Байзаков.

Учурда Ысык-Кѳл областтык прокуратурасында «Элдан» тегирменинин жетекчиси К.Байзаковдун арызы жатат. Арыз ээси жер тилкелеринин ижарачысы Бакыт Түлѳжановдун ишмердүүлүгүн текшерүү, аны ижарага алынган жерлерди тартипке келтирүүгѳ, орноткон бетон тосмолорун алып салууга жана ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүүгѳ милдеттендирүү ѳтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары, арызда ММБД баштапкы наркы 834 миӊ сомдон кем эмес бааны кѳрсѳтүү менен жаӊы аукцион ѳткѳрүүгѳ милдеттендирген шаардык прокуратуранынын талаптарын бузуу менен аукцион ѳткѳргѳн жер комиссиясынын иш-аракетин текшерүү ѳтүнүчү дагы орун алган.

Материалды жарыялоо учурунда биз дагы бир жолу Эржан Түлѳжанов менен жолугуп, сүйлѳштүк. Ал бетон тосмолорду эреже бузуу жолу менен орноткондугун моюнга алып, бир жумалык мѳѳнѳттүн ичинде аларды алып салууга жана Валиханов кѳчѳсүн ачууга, тосмолорду болсо майзамдуу ижарага алган жерин тегерете орнотууга даяр экендигин билдирип, мындан ары ишкердигин мыйзам чегинде гана жүргүзүүгѳ сѳз берди.


Бул материал «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун негизинде даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты