Венгриянын жогорку окуу жайларына 75 бюджеттик орун берилет

  • 4 года мурун

Венгрия 2020-2021-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана доктарантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Бакалавр 30, магистратура 30 жана докторантурага 15 орун.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт.

Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат.

Тандоо шарттары, керектүү документер жана конкурс боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтындагы төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/kg/mezhdunarodnye-programmy/postuplenie-v-vuzy-vengrii-v-ramkah-stipendialnoj-programmy-stipendium-hungaricum-scholarship-programme-na-2020-2021-uchebnyj-go/.

Сүрөт: Венгрия. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты