Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо тууралуу токтом чыгарылды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгына байланыштуу, жазык-процессуалдык кодекстин 171-беренесинин (экспертиза дайындоо) негизинде шектелген 16 кишиге, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге да, соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

ИИМдин тергөө кызматы Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө» деп айтылат билдирүүдө.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты