​Сокулук ИИБ башчысы кызматынан убактылуу четтетилди

  • 4 года мурун

Чүйдүн Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Максат Чойбеков жол кырсыгына катышкандыгына байланыштуу тергөө учурунда кызматынан убактылуу четтетилди.

Бул тууралуу Чүй ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин басма сөз кызматы кабарлады.

7-декабрда Сокулук ИИБ башчысы Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы Ысык-Ата районунда болуп, кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган. Кырсыктан үч киши жабыркаган. Жабыркагандардын бири Кант шаардык ооруканасына жаткырылган.

Учурда тиешелүү экспертиза жана сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Сүрөт: Жол кырсыгы учурунда. 24kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты