​Бишкекте Renault жана LADA эки бренддин дилердик борбору ачылат

Жаңылыктар

12-декабрда Кыргызстандагы Renault компаниясынын расмий дистрибьютору Asiamotors LTD Кыргызстанда LADA унаалары сатыла баштаарын билдирди.

Бул максатта Борбор Азияда биринчиден болуп Бишкекте жаңы Renault жана LADA эки бренддин дилердик борбору ачылат.

Ушуга байланыштуу пресс-конференцияга Renault CIS & LADA Export башкаруучу директору Макс Миссана, Asiamotors LTD ишканасынын жетекчилиги жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө LADA Vesta Sport жана Renault Arkana жаңы модели сунушталат. Жаңы дилердик борбор GroupeRenault эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн жана эки бренд үчүн ири көргөзмө аянтына ээ.

Стилдүү жана жайлуу интерьери бар өзүнчө жайгашкан эки шоурум болжол менен 800 чарчы метр аянтты ээлейт. Толук жабдылган цехтин аянты 1000 чарчы метр жана кардарларды тейлөөнүн жогоркустандартына жооп берет.

Заманбап дилердик борбор Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 5 дареги боюнча өз эшигин ачылат.

13-14 декабрда Renault жана LADA эки бренддин дилердик борборунда ачык эшик күндөрү уюштурулуп, анда баардык кыргызстандыктарга унааны насыягажана лизингге сатып алуу программалары сунушталып, кардарларга белек тартууланат.

Жаңылыктар