Оренбургда жол кырсыгынан каза тапкандардын тек-жайы аныкталды

  • 4 года мурун

Кечээ, 8-декабрда, Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаардык аймагында, Оренбург-Акбулак жолунун 76-чакырымында ири автокырсыктан каза тапкан кыргызстандык төрт жарандын тек-жайы аныкталгандыгын Россиядагы элчилик кабарлады.

Анда Toyota Previa менен Mercedes-Benz Sprinter машинасы кагылышкан.

Кырсыкка кабылган Toyota Previa машинасында бара жаткан кыргызстандык төрт жаран каза тапкан.

Дагы үчөө Соль-Илецк шаарындагы ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 9-декабрда, алар ооруканадан стационарга которуларын элчилик билдирди. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter унаасындагы өзбекстандык жаран да ооруканада.

Тиешелүү иш-чаралардан кийин каза тапкандардын сөөгү Мекенине жөнөтүлөт.

Бул окуя элчиликтин көзөмөлүндө экени, Оренбургдагы ардактуу консул кыргыз диаспорасы менен бирге жеринде иш алып барып жатканы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты