«NewTV» каналынын журналисттерине кол салуу болду

  • 4 года мурун

Бишкектин Ак-Ордо конушуна сюжет тартканы барган «NewTV» телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбековго, оператор Калыбек Абдумомутовго жана каналдын айдоочусу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Бул тууралуу «NewTVнин» сайтына жарыяланды.

“NewTV” телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутов, айдоочу Курсантбек Мартикеев Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан.

Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты