​Ноокатта милиция кызматкери пара менен кармалды

  • 4 года мурун

Ош облусунун Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды.

Бүгүн, 3-декабрда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кенже тескөөчүсү, К.З. аттуу старшина 5000 сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

ИИМ Ички иликтөө кызматына 30-ноябрда М.М. аттуу жаран кайрылып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн акча талап кылып, паранын бир бөлүгүн 2000 сом алган. Калган акчаны алыш үчүн арыздануучунун паспортун алып коюп, 8000 сом талап кылган.

Аталган факты жазык кодексинин 326-беренеси, пара опузалоо боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты