Жарандардын кайрылууларынын электрондук порталынын мобилдик нускасы тесттик негизде ишке кирди

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg жаңы электрондук порталынын мобилдик нускасын тесттик режимде ишке киргизди.

Жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg электрондук порталынын мобилдик нускасы заманбап платформада жасалып, колдонууга жеңил. Эми ар бир жаран мобилдик телефондон кайрылууларынын тексттин жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Жарандар сайттын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жетекчилигине кайрыла алат.

Жарандардын кайрылуулары «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына жана жол-жоболоруна ылайык каралат.

Эгер жогоруда көрсөтүлгөн порталдын мобилдик нускамасынын ишинде катачылык же түшүнүксүз жагдайлар болсо кайрылуу үчүн телефон номерлери: (0-312) 96-03-05, 62-50-20

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты