​Жээнбеков: “Мамлекетибиз аярлуу адамдарга колдоо көрсөтөт”

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

«Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет.

Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады.

Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы» деди кайрылууда Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты