​Гонконгдо полиция демонстранттарды кууп таратты

  • 4 года мурун

Жекшемби күнү, 1-декабрда, Гонконг полициясы революциялык ураан салып көчөгө чыккан миңдеген демонстранттарды кууп таратты.

Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Акцияны таркатуу маалында полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп, андан үч киши жабыркаганы белгилүү болду.

Агенттиктин маалыматына караганда, активисттер өкмөткө каршы акцияларды улантуу ниетин билдиришти.

Бул өткөн жекшембиде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодон берки Гонконгдогу алгачкы калайман нааразылык акциясы болду.

24-ноябрдагы 18 райондук кеңеште шайлоодо демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү жеңишке жетип, 452 орундун 396сына ээ болушкан. Муну оппозиция өзүнүн жеңиши катары сыпаттаган. Мандат алгандардын катарында бир канча айдан бери Гонконгдогу бийликке каршы нааразылык акцияларын уюштурган лидерлер да бар.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон.

Кийин жаңжалдын башкы себепкери болгон бул документти шаар жетекчилиги парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Reuters/ Гонконг, 1-декабрь 2019.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты