​Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот

  • 4 года мурун

Өзбекстандын Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Мындай чечим Ош шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды.

Өзбекстандын Хива шаарынын акими Собир Жуманиязов Ош шаарынан эстафетаны кабыл алып, Хива калаасы тууралуу баян жасады.

Өлкөнүн маданият министринин орун басары Камола Акилова байыркы Хива шаары бүгүнкү күнгө чейин тарыхый көрүнүшүн дээрлик толугу менен сактап калганын белгиледи.

Хива Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаарда ачык асман алдында 16-кылымдан бери тарыхый жайлар сакталып калган.

Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болсо, буга чейин бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты