«Үмүт 2020” Райым Матраимовдун Дубайдагы батирлери тууралуу видео таратты

  • 4 года мурун

Ширин Айтматова жетектеген “Үмүт 2020” кыймылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Дубайдагы батирлери тууралуу видео таратты.

Аталган кыймыл тараткан видеодо Райым Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир батири 2, 2 млн доллар, экинчиси 3,2 млн доллар тураарын, ал эми эки батирдин жалпы баасы 5,6 млн долларга бааланары айтылат.

Дубайдан андай батир сатып алуу акысын катардлагы врач, милиция кызматкери, мугалим, бажы кызматкери 2777 жылда иштеп табышы керектиги айтылат.

“Үмүт 2020” кыймылы Матраимовду жоопкерчиликке тартыш керектигин билдирет.

Матраимов бул боюнча комиментарий бере элек.

«Азаттык», «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин,бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөөнү жарыялаган.Анда Райым Матраимовдун аялынын Дубайда мүлктөрү тууралуу сөз болгон. .

25-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында #REакция жарандык акциясы өткөн. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду — түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформа жүргүзүлсүн!» деген талаптарды койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты