​Жээнбеков: «Кыргызстанда мөңгүлөрдүн азаюусу жалпы аймакка кесепет алып келет»

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр жылдан жылга жогорку даражага чыгып жатканын белгиледи.

«Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп жатышат. Биздин тоолордо аймактагы суу ресурстарынын 45% жаралат. Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээлинин азайуусунун реалдуу көйгөйүнө туш болобуз. Бул Борбордук Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык ишмердикке терс таасирин тийгизип, ири ГЭСтердин дарамети кыйла төмөндөйт»,

— деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

29-ноябрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу .өттү.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты