​Москванын Бутыр райондук прокурор жардамчысынын өлүмүнө шектүү Бишкектен кармалды

  • 4 года мурун

КР Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Москва шаарынын Бутыр районждук прокурордун жардамчысын өлтүрүүгө шектүү жаранды Бишкек шаарынан кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

29-ноябрда КР УКМК ККК тарабынан Бишкек шаарында Москва шаарынын Бутыр райондук прокурорунун жардамчысын өлтүргөндүгү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Россия жараны, 1997-жылы туулган Л.М.Ю. кармалган.

Кармалган чет өлкөлүк жаран мамлекеттер аралык макулдашууга ылайык Россияга экстрадициялоо үчүн КР ИИМ криминалдык милиция кызматына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты